Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

"Аксаткын менен Мырза уул" - муундарды бириктирген ажайып баян


"Аксаткын менен Мырза уул" спектакли кезеги менен Бишкек шаарындагы мектептерде көрсөтүлөт. Сүрөт "Билимкана" мектебинин баракчасынан алынды.
"Аксаткын менен Мырза уул" спектакли кезеги менен Бишкек шаарындагы мектептерде көрсөтүлөт. Сүрөт "Билимкана" мектебинин баракчасынан алынды.

Көрсө, Шекспирдин трагедияларынан кем калбаган чыгармалар, элдин генийинен жаралган улуу дастандар бизде да бар экен. Тек, биз "колдо бар алтындын баркына жетпейт" экенбиз. Мен буга армандуу махабат тууралуу элдик баяндын классикалык үлгүсү саналган "Аксаткын менен Кулмырза" эпосунун негизинде чыгаан режиссёр Нурлан Асанбеков койгон музыкалык спектаклден кийин дагы бир жолу ынандым.

Эч апыртмасыз айта турган болсом, мен көптөн бери мынчалык толкунданын, жан дүйнөм мынчалык көлкүп, ыракатка бата элек болчумун. Камералык коюлумга (постановкага) ылайыкташтырылган чакан залдагы көрөрмандардын баары эле ушундай сезимге кабылды деп ойлойм. Искусствонун сыйкыры, искусствонун керемет-күчү, анын табышмактуу таасири баарыбызды арбап алды. Дым тартпай, бир саат бою ажайып бир дүйнөдө жашадык, турмуш-тиричиликтин абыгерлигин мүлдө унутуп, сүйүүнүн улуулугуна, түбөлүктүүлүгүнө баш ийип таазим эттик.

Ушул кыска убакыт ичинде көкүрөк-көөдөнүбүздө зор өзгөрүү жүрүп, дилибиз агарып, байыркы грек даанышманы Аристотел айтып кеткендей, катарсиске туш болдук.

Аталган коюлум (айтмакчы, бул жаңы адабий-драмалык термин белгилүү дастанчы Өмүрзак Кайыповго таандык) тууралуу бул блогду жазардан мурда китеп окулбай, бүгүнкү жаңы технологиялардын доорунда унутта калган "Аксаткын менен Кулмырзанын (Мырза уулдун)" текстин издеп таап, баардык варианттарын окуп чыктым. (Барпынын, А. Осмоновдун варианттары менен мурда эле тааныш болчумун.)

Бир кезде залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов "Манаска» салыштырмалуу кенже деп айтылганы эле болбосо, булардын ар бири Шекспирдин деңгээлиндеги өзүнчө керемет чыгарма деп, кенже эпосторго зор баа берген эле. Башкасын айтпаганда да, акындардын акыны, кеменгер апыз Барпы Алыкул уулунун "Аксаткын менен Кулмырзасы" – чын эле "Ромео менен Жульеттадан" кем калбаган дүйнөлүк деңгээлдеги трагедия.

Аттиң, кана эми атактуу акындын аталган вариантын кыргыз тилинин ыргагын, музыкалуулугун, түштүк диалектисине таандык майиндигин, керемет салыштыруулары менен чулу ойлорун, сүйлөмдөрүнүн боёгу менен элестүүлүгүн жоготпой бөлөк тилдерге которгон адам болсо! Союз кезинде көңүл бурулбай калган бул маселеге азыркы муун маани берип колго алса, Жеңижок, Барпы, Токтогул ж.б.с.у. мыкты акындарыбыздын чыгармалары өз деңгээлинде бөлөк тилдерге которулса, көөнөрбөс мурастарыбызды дүйнө элдерине да даңазаламакбыз.

Нурлан Асанбеков – театр дүйнөсүндө өз доошу, өзгөчө стили, өзүнө гана тиешелүү манерасы, жаңычылдыгы менен таанылган кайталангыс талант. Анын сахна секисинде жасаган эксперименттери дайыма оңунан чыгып, жаңы табылгалары, идеялары менен көрөрмандардын зор кызыгуусун жаратып келет.

Автор бу саам мындан жүз-эки жүз жыл мурда эл оозунда пайда болуп, муундан-муунга унутулбай айтылып келе жаткан армандуу махабат тууралуу керемет баян "Аксаткын менен Кулмырзаны (Мырза уулду)" сахналаштырыптыр.

Адаттагыдай эле бул жолу да драматургияга тиешелүү көркөм каражаттар: музыка, диалог, монолог, жарык, декорациялык жасалгалар, реквизиттер, ремарка, реплика ыгы менен, ийкемдүү колдонулган. Кадыресе, классикалык театрдан өзгөчөлөнүп, Асанбековдун спектаклдеринде операнын, хореографиянын (балеттин), опереттанын каражаттары басымдуулук кылат. Башкача айтканда, ал драматургияга тектеш көркөм туундуларга таандык ыкмаларды кынтыксыз пайдаланып, сахна өнөрү менен кемелине келтире айкалыштырат. Ал эми сахнанын артындагы чоң экрандан каармандардын маанайына, ички толгонууларына жараша табият кубулуштарынын (мисалы, бак-дарактар, шамал, бороон-чапкын ж.б.у.с.) өзгөрүп, кубулуп турушу өзүнчө зор табылга.

Туура бир саат бою өзүбүздү (өзүбүздү эле эмес, бүт дүйнөнү) унуттуруп, болуп көрбөгөндөй эмоционалдык-эстетикалык ыракат тартуулап, жан-тенибизди сөздүн оң маанисинде эйфориялык абалга жеткирген драмалык чыгарманын сыйкыры, касиет-күчү эмнеде?

Чыныгы искусствону сөз менен айтып берүүгө, акыл-эстин жардамында чечмелөөгө мүмкүн эмес. Аны ар ким жүрөгү менен гана түшүнүп, сезим-туюму менен кабыл алат. "Аксаткын менен Мырза уулду" мен эзелки дастанды заманбап өнөрдүн тили менен жаңырткан укмуш симфония, түрлүү-түмөн боёктун (ыр-күүнүн, сөздүн, бийдин ж.б.) жардамында тартылган керемет картина, полотно катары кабыл алдым. Чыгарма бир гана ыйык сүйүүнү, анын маңгилигин, өлбөс-өчпөстүгүн даңктап-даңазалабайт, спектаклдин тулкусуна көптөгөн символдор, метафоралык ишаараттар сыйдырылган. Маселен, комуз күүсү чертилип, элдик ыр ырдалганда бир саам нес боло түшүп, кайра ызы-чуу салган чүмбөтчөндөр (куда-сөөктөр) – рухий дөөлөттөрдү чанып, баарын акча, байлык менен ченеген бүгүнкү доордун, азыркы замандын чыныгы жүзү.

Тилекке каршы, учурда дээрлик баарыбыз куржун артынып (материалдык дүйнөнү гана көздөп), жалтыр-жултурдун кулуна айланып жашап калдык.

Спектакль тууралуу белгилүү адабиятчы жана публицист Жолдош Турдубаев төмөнкүдөй пикирин билдирди:

"Бул спектаклде ошол эзелки доор менен азыркы мезгилдин тогошуусу, илгерки эпос менен бүгүнкү заманбап дүйнөлүк өнөрдүн, дүйнөлүк театрдын деңгээлине жеткен кыргыз сахнасынын жолугушуусу, айкалышуусу дегидей өзүнчө бир жакшы көрүнүш болду. Таланттуу режиссёр менен анын жамааты абдан чоң ишти аткарышыптыр. Уӊгу башаттан алыстап бараткан айрыкча бүгүнкү күндө, ааламдашуунун таасири менен баарын үстүрт түшүнүп, башкалардын көлөкөсүндө калып кетүү коркунучу барган сайын күчөп жаткан маалда өзүбүздүн улуттук баалуулуктарга кайрылып, аларды дүйнөлүк, заманбап деңгээлде кайра ачып көрсөтүүгө жасалган аракет баардык жагынан колдоого арзыйт. Ошондуктан бул оюнду коючуларга баарыбыз ыраазы болуп, алкыш айтышыбыз керек".

Элдик эпос өзү – синкреттик искусство, анда драманын элементтери, эпостун элементтери, айтуучулук өнөр (бир адамдын театры дегендей) бар, ал эми бул жерде жаңы, болгондо да заманбап, эң кийинки көркөм табылгаларды, ыкмаларды колдонуп, башкача деңгээлде ачып көрсөткөндүгү, албетте, абдан сонун. Бул спектаклде дээрлик ар бир кыймыл-аракеттин, ишаарат, ымдоо-жаңсоолордун (символ түрүндө берилген) өзүнчө чоң мааниси бар. Ошолордун баары бирин-бири толуктап, мазмун жактан ачып, чыгарманын таасирин күчөтүп турат.

Ушундай жаңылыктар мындан ары да көбүрөөк болсун деп тилек кылалы. Ушундай сахна өнөрлөрүнө ар бирибиз колубуздан келишинче көңүл буруп, колдоп, көрүүчүлөрдү (балдарды, жаштарды, жаштар эле эмес, орто, улуу муундагыларды да) кызыктырып, театрга үндөп, көбүрөөк сөз козгогонго, сүйлөшкөнгө, жакшы сөздүн предмети, темасы болгонго аянча түзсөк. Эгер дал ушундай спектаклдерге бир үй-бүлөдөн ар кандай муундагы (жаш, орто жана улуу муундагылар) кишилер чогуу барып, чогуу талкууласа, өз ара бири-бирин түшүнүшүүгө мүмкүнчүлүк көбүрөөк ачылат эле деп ойлойм. Аталар менен балдар деген маселе бар эмеспи, мурункулар кийинкилерди түшүнбөйт, азыркылар эскилерди жактырбай, артта калган деген мамиле болот. Биз кеп кылып жаткан чыгарма ошондой терс көрүнүштөрдү жойгонго, муундардын ынтымагын бекемдегенге жол ачкан мыкты бир көркөм таяныч, өнөрдүн туундусу болуптур.

Негизги көрөрмандары жаштар (айрыкча мектеп окуучулары) болуп эсептелген коюлум улуттук маданиятты даңазалап келе жаткан "Устат-шакирт" борборунун демилгеси менен ишке ашкан.

Музыкасы Таалай Бейшеевдики, сүрөтчүсү Алтынай Осмоева, ырчы-күүчүлөр: Перизат Кемелова, Бакыт Акматов, Кенже Сатыбалдиева. Көркөм жетекчиси – Разия Сырдыбаева. Спектаклге Б. Бейшеналиева атындагы КММИУнун, Т.Абдумомунов атындагы КУДТга караштуу театралдык окуу жайдын студенттери жана "Умтул" театрынын артисттери да катышат. Спектакль кезеги менен Бишкек шаарындагы билимканаларда, мектептерде көрсөтүлмөкчү.

"Аксаткын менен Кулмырза" дастанынын каратегиндик кыргыздарда айтылган вариантынан үзүндү (белгилүү этнограф Жээнбай Мукамбаевдин "Эл ичи – өнөр кенчи" деген китебинен):

…Кулмырза өзүң, Саткын – мен, досум,

Кумары болуп, таптың сен досум,

Бой жеткен кезим буралып, досум,

Боз жигит элең сыланып, досум,

Айылга келсең ар качан, досум,

Айбыгып жүрөк уялат, досум,

Байланув атың, чеччүвсүң, досум,

Батына албай кетчүвсүң, досум,

Ырдаган довшуң, укчумун, досум,

Ыргалып үйдөн чыкчумун, досум,

Айылдын үстү ак мойнок, досум,

Айран куйсам иччүсүң, досум,

Кыштоодун үстү кыраң бел, досум,

Кыраң бел ылдый түшчүсүң, досум,

Кымыз бир куйсам иччүсүң, досум,

Сыртымдан сүйүп сен жүрдүң, досум,

Сызылып күйүп мен жүрдүм, досум,

Алыстан сүйүп сен жүрдүң, досум,

Астыртан күйүп мен жүрдүм, досум,

Айылга келсең кетпейсиң, досум,

Аксаткын кызды эстейсиң, досум,

Айласын таап жетпейсиң, досум,

Коровго келсең кетпейсиң, досум,

Көрүнөө мени эстейсиң, досум,

Көңүлүң тартат жетпейсиң, досум,

Азада боюң тарайсың, досум,

Адырдан тиктеп карайсың, досум,

Кыргыйдай боюң тарайсың, досум,

Кыраңдан тиктеп карайсың, досум,

Алтындан түймө бүчүңдөн, досум,

Айталбайсың ичиңден, досум.

…Камчыңды алып сен турдуң, досум,

Калпагың алып мен турдум, досум,

Калпагың кагып кийгиздим, досум,

Каңтарган атың мингиздим, досум,

Саткынды шондо сүйгүздүң, досум,

Санаага салып күйгүздүң, досум,

Аркамда чачым тизилип, досум,

Астыңда турдум сүзүлүп, досум,

Карызың барбы Саткында, досум,

Карайсың мынча, үзүлүп, досум,

Атыңдын башын бураарда, досум,

Ач бөрү сымал карадың, досум,

Куткарбас болду жаш жанды, досум…

Аким Кожоев

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG