1989-жылдын жазында Ленинграддын (азыркы Санкт-Петербург) Пулково аэропортуна түштүм.
Дароо эле Ленинград мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтуна (ЛГиТМИККе) багыт алдым.
Жолдо баратып Питердеги актерлор үйүндө «Театр күнүңөр менен куттуктайбыз!» деген жазууну көрдүм.
Кызыгып кирсем, кооз фойеде ошо кездеги театр, кинонун дөө-шаалары, СССРдин Эл артисттери, даңазалуу О.Басилашвили, О.Лебедев, А.Лавров, А.Фрейндлих , М.Боярский, И.Скляр, Т.Доронина, Л.Чурсина өңдүү атактуулар жүрөт. Апкаарый түштүм. Экинчи кабатка чуркап чыгып, балкондон орун алып программага көз жүгүртсөм, Эл аралык театр күнүнө карата атайын жыйын өтмөк экен.
Ленинград, Москва облустарынын жана ири шаарлардын театрларынан келген өкүлдөрдүн катышуусунда даярдалып жаткан иш-чара «Театрдын бүгүнү жана келечеги» деп аталат. Ага акын-жазуучулар, композитор, сүрөтчү, журналисттер чакырылыптыр.
Адегенде Исаакиев соборунун чиркөө хорунун акапелласы аткарылды. Алып баруучу кайсы бир жаш режиссерго сөз берди. Ал өлкөдөгү өзгөрүүлөргө бир аз токтолуп:
- Коммунисттик партиянын күнү бүттү! Цензурага жол жок! Жашасын сөз эркиндиги! Жашасын демократия! - дебеспи. Баары ордунан туруп кол чаап, кызуу кубаттады.
Кийинки докладчы катары жаш театр таануучу келин чыгып, "Театрдын келечеги жаштарда! Улуу муун жаш муундарга кезек бергиле!" дегенде, аны да «Азамат!» дешип кыйкырып, сүрөп кетишти.
Эл аралык театр күнү ачыктан-ачык муундар ортосундагы тирешке өттү.
Сөзгө чыккандардын дээрлик көбү «Эртеңки театр ачык-айкын болсун! Жогору жактын кысымына карабасын! Компартия тыюу салган чыгармалар ачыкка чыксын! Репертуарлар жаңылансын!" деген талаптарды айта баштады.
Мындан тышкары театр өзүн-өзү каржылоого өтүп, тапкан каражатын өзү пайдаланышы керек деген пикирлер айтылып, залда кыжы-кужу күчөдү. Айрымдар көз карандысыз, менчик театрларга да жол берилиши керек деген ураандарды чакырышты.
Ошентип, уюштуруучулар акапеллага кезек берип, 20 мүнөт тыныгуу жарыялады. Андан соң баары жайланышып отурганда, орус театрынын корифейи Георгий Александрович Товстоногов сөз алды.
Залдагылар ышкырмак түгүл, жер тепкилеп чуу чыгарып жиберишти.
Көз айнекчен шыңга бойлуу Товстоноговдун 70тен ашып калган кези болчу. Ал трибунага чыгып, колун саал көтөрүп, "токтогула" дегендей ишарат кылды.
- Жолдоштор! - деп баштаганда эле залда кыйкырык, ышкырык, жер тепкилөө, сөгүнгөн үндөр угулуп жатты.
Товстоногов элди тынчтандырып, "Господа!" деп сөзүн баштаганда кээ бирөө алакан чапты.
- Мен демократияны, сөз эркиндигин колдойм! Албетте өлкөбүзгө, коомубузга демократия, сөз эркиндиги суудай керек! Театрда цензурага жол берилбесин!Бирок театрда демократия эмес, диктат болушу зарыл! Эгерде театрда демократия болсо, ал анархияга айланат! - Товстоноговдун залдагылар тынчтангандан кийин айткан мындай сөздөрүнө нааразылык күчөп кетти. Эл аны сүйлөтпөй койду.
Бирок ал театрды сактап калуу керектигин, демократияга али эрте экенин, диктат болушу зарылдыгын, театрды анархияга айлантууга болбой турганын белгиледи. "Бул менин силерге, айрыкча келечек муунга аманатым" деген бойдон ал сахнадан түшүп кетти.
СССР эле эмес, дүйнөгө таанымал абройлуу режиссер Товстоногов ошентип колун шилтеп ордуна отурду.
Жыйын жеке таарынычтар, бирөөнүн кемчилигин чукулоого өтүп, башаламандык башталганда мен да акырын залдан чыгып кеттим. Өзүмдүн жумуштарымды бүтүрүп, кечинде жатаканада телевизор карап отурсам, анда атактуулардын ошол күнкү жыйыны тууралуу айтылып, театр демократиясы башталганы кабарланды.
Эртең мененки маалыматта Товстоногов түндө жүрөгү кармап ооруканага жатканы айтылды.
Ошентип, атактуу режиссер марттагы театр жыйынынан эки айдан кийин, 1989-жылы 29-майда жүрөк оорусунан кайтыш болуп, сөөгү Ленинградда коюлган.
СССРдин Эл артисти, Социалистик эмгектин Баатыры, Лениндик, Сталиндик сыйлыктардын лауреаты, 1915-жылы 28-сентябрда Тифлис, азыркы Тбилисиде туулган Георгий Александрович Товстоноговдун өмүрү ушинтип аяктады. Ал театр өнөрүн өкүндөтүүгө зор салым кошуп, легендарлуу спектаклдерди койгон. Анын жазган «Зеркало сцены» деген эки томдук, «Круг Мыслей» деген китептери режиссер, актерлордун баа жеткис байлыгына айланганы талашсыз чындык.
Эртеси жалпыга маалымдоо каражаттарынын баары «театр демократиясы» деген термин пайда болгонун кабарлап жатышты. Бир басылма театр демократиясы Ленинграддагы завод, фабрика ишканаларга жайылганын жазды. Анын эпкини Кыргызстанды да кыйгап өтпөдү.
Ошол 1989-90-жылдары Кыргызстандагы театрларда дагы эки күндүн биринде жыйындар кызуу жүрүп, муундар ортосундагы тирешүү, жер-жерге бөлүнүүгө чейин алып келген. Жыйынтыгында 1989-жылы белгилүү актриса, маркум Жамал Сейдакматова кыргыз улуттук драма театрынан санаалаштары менен бөлүнүп, «Туңгуч» жаштар театрын негиздеп кетти.
Нарын, Ысык-Көл, Ош драма театрларынан бир канча артисттер Бишкекке жер которууга аргасыз болушту. "Сахна", "Рабаят", "Адеми", "Сайкал" деп аталган менчик театрлар да ошол доордо ачылган эле.
Жыл сайын Эл аралык театр күнүндө эмнегедир ушул окуялар эсиме түшөт.
Бул күн 1962-жылы Париждеги Улуттук Театрдын ачылыш аземине байланыштуу эл аралык театр институтунун IX конгрессинде негизделген. Ошол күндөн бери дүйнө жүзүндөгү көптөгөн театрлар, анын ичинде Кыргызстандагы театрлар да 27-мартты кесиптик майрам катары белгилеп келүүдө.