Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

"Жан дүйнөңдү акчага сатпа". Чаплиндин каты


Чарльз Чаплин.
Чарльз Чаплин.

Кино өнөрүнүн улуу устаты, кино актёр, режиссёр, сценарист, композитор Чарльз Чаплин дүйнөлүк маданиятка өлбөс-өчпөс салым кошконун баарыбыз билебиз. Ал ак көңүл, боорукер жана кыялкеч селсаяктын кайталангыс бейнесин жаратып, миллиондордун жүрөгүнөн түнөк тапкан.

Өз заманынын эң бай өнөрпоздорунун бири болсо да, өмүр бою жөнөкөйлүгүн, кичипейилдигин, жетим-жесирге, жакыр-жалчыга жан тарткан адамдык бийик касиетин жоготпоптур. Буга анын жетимиш алты жашында кызы Жеральдинага жазган каты күбө. Эмесе, катты сиздер менен чогуу окуйлу.

"Менин айжаркын кызым!

Азыр түн, Рождество түнү. Менин чакан сепилимдин бардык куралдуу күзөтчүлөрү уктап калышты. Сенин иниң да, сиңдиң да уктады. Атүгүл апаң да уктап жатат. Бул мунарык бөлмөгө келемин деп, аз жерден балапандарымды ойготуп ала жаздадым.

Сен гана менден алыстасың! Эгер сенин элесиң дайыма менин көз алдымда турбаса, карегим соолусун! Сенин портретиң үстөлүмдүн үстүндө эле эмес, мобу жүрөгүмдө да катылуу. А өзүңчү? Жомоктой болгон Парижде, Елисей талааларындагы ажайып театр сахнасында бийлеп жүрөсүң.

Мен муну жакшы билем, ошентсе да түн бейпилдигинде сенин кадамыңдын дабышын угуп, кудум кышкы асманда жайнаган жылдыздар сыяктуу сенин көздөрүңдү көрүп тургандаймын.

Угушума караганда, бул майрамдык керемет спектаклде сен татар ханына ышкысы түшкөн фарсы сулуусунун ролун аткарат экенсиң. Мейли, татынакай болуп бийле! Мейли, жылдыз болуп жан! Бирок көрүүчүлөрдүн тамшануусу менен алкышы сени эс-мас кылса, эгер алган гүлдөрүңдүн жыпар жыты башыңды айландырса, ээн жерге отуруп менин катымды оку, өз жүрөгүңдүн түрсүлүнө кулак сал.

Жеральдина, мен сенин атаңмын! Мен Чарлимин, Чарльз Чаплинмин! Сен чүкөдөй наристе кезиңде түндөсү керебетиңдин башында отуруп, уйкудагы сулуу кыз, күнү-түнү көз ирмебеген ажыдаар жөнүндө айтып бергендерим эсиңдедир. Ал эми уйку басып, картайган көздөрүм жумула баштаганда: «Уйку, кет! Менин уйкум – менин кызымдын кыялдары!» - деп, аны кубалачумун.

Жеральдина, мен сенин кыялдарыңа ортоктош болдум, сенин келечегиңе ишенип, сенин бүгүнкүңдү көрдүм. Мен сахнада чимирилген кызды көрдүм, мен асманда учуп бараткан периштени көрдүм. Мен калаймандын: «Тиги кызды карагылачы? Ал маскарапоз чалдын кызы. Эсиңердеби, анын ысмы Чарли эмес беле?» – деген сөздөрүн уктум.

Ооба, мен Чарлимин. Мен ошол маскарапоз абышкамын! А бүгүн сенин кезегиң. Бийле! Мен кең, жыртык шалбар кийип бийлечүмүн, а сен канышанын жибек көйнөгүн кийип бийлеп жатасың. Бул бийлер менен дүркүрөгөн кол чабуулар кээде сени көккө көкөлөтөрү анык. Мейли - көкөлө, мейли – кайкып уч! Бирок жерге түшкөндү да унутпа! Сен ачкалык менен сууктан калтырап-титиреген көчө бийчилеринин да турмушун көрүшүң керек. Жеральдина, мен дагы ошолор сыяктуу элем.

Сен мени билбейсиң, Жеральдина. Ошол унутта калган түндөрү мен сага көптөгөн жомокторду айтым бердим, бирок өз жомогумду бир да жолу айткан жокмун. Ал дагы кызыктуу. Бул жомок кайыр сурап жакырлар маалесинде ырдап-бийлеп күн көргөн маскарапоз тууралуу. Кызым, менин жомогум ушундай! Мен ачкалык деген эмне экенин, баш паанеги жок көчөдө калуу деген эмне экендигин жон терим менен сездим. Мындан тышкары, мен селсаяк маскаропоздун тиричилигин баштан кечирдим. Көкүрөк-көөдөнүмдө ар-намысым кайнап, бирок бул ар-намысты элдин ыргыткан тыйын-тыпыры басып кетчү. Кандай болгон күндө да мен тирүүмүн, ошондуктан муну кеп кылбай эле коёлу.

Андан көрө сен тууралуу сүйлөшөлү. Жеральдина деген сенин атыңдан кийин, Чаплин деген атаңдын аты-жөнү жалгашат. Мен бул аты-жөнүм менен кырк жылдан ашуун жер үстүндөгү кишилерди тамашага батырдым. Бирок алар канчалык күлсө, мен андан да көбүрөөк ыйладым.

Жеральдина, бул дүйнөдө музыка менен бийден бөлөк да нерсе бар экендиги эсиңде болсун! Түн жарымында сен чоң залдан чыкканыңда байлык-бийлигине манчыркаган күйөрмандарыңды унутсаң унут, бирок сени үйгө алып бараткан таксисттен анын келинчеги жөнүндө сураганды унутпа. Эгер ал кош бойлуу болсо, эгер алардын болочоктогу наристелерине жалаяк сатып алуу үчүн акчасы жок болсо, анын чөнтөгүнө акча салып кой. Сенин бул сыяктуу чыгымдарыңды төлөп турушат, банктагыларга айтып койдум. Ал эми калган учурларда эсеп-кысапты так жүргүз. Кез-кезде метро же автобуска түш, жөө жүрүп, шаарга байкоо сал.

Кишилерге көңүл бур! Жетим-жесирлерге карап-бак! Жок дегенде күнүгө бир жолу өзүңө: «Мен дагы алар сыяктуу элемин», - деп айт. Ооба, кызым! Сен дагы алардын бирисиң. Анүстүнө искусство адамга уча турган канат берерден мурда, адатта анын буттарын сындырат. Өзүңдү элден жогору сезе баштаган күнү дароо сахнаны ташта.

Туш келген бир таксиге отуруп, Париждин жака-белине чыгып кел. Мен ал жерлерди жакшы билем. Сен ал жакта өзүң сыяктуу көптөгөн бийчилерди учуратасың. Атүгүл алар сенден сулуу да, сымбаттуу да, ариет-намыстуу да болушу мүмкүн. Сенин театрыңдагы көз уялткан чоң чырактардын жарыгы ал жерде азыр да жок. Алардын жарыгы – Ай.

Жакшылап кара! Айтчы, алар сенден да мыкты бийлейт бекен? Сенден мыкты бийлегендер, сенден мыкты роль аткаргандар качан да болсо табылат.

Эсиңде болсун: Чаплиндердин үй-бүлөсүндө арабакечти сөккөн же Сенанын жээгинде отурган кайырчыны кордогон адепсиздер болгон эмес. Мен өмүрдөн өтөм, бирок сен жашап каласың. Мен сенин кедейликтин зардабын тартышыңды эч каалабайм. Андыктан бул кат менен чек китепчесин жиберип жатам. Канча кааласаң, ошончо чыгым кыла бер. Ошентсе да эки франк жумшаганыңда үчүнчүсү бирөөнүкү экендигин унутпа. Аны ошого муктаж болгон бейтааныш адам алышы абзел. Андайды сен тез эле табасың. Андай жакырларды сен көргүң эле келсе, каалаган жерден жолуктурасың. Мен сени менен акча жөнүндө сүйлөшүп жатканымдын себеби, азезилдин азгырыгындай анын кумары кандай экендигин жакшы билем.

Мен убактымдын көбүн циркте өткөрдүм. Мен дайыма дарчылар үчүн тынчсызданар элем. Бирок сага айтып коёюн, дарчылар кыл көпүрөдөй тартылган зымдан жыгылганга караганда, тегиз жерде жүргөн кишилер көбүрөөк чалынат. Мүмкүн, кайсы бир шаан-шөкөттүү кечеде сени кандайдыр бир асыл таштын жалтыр-жултуру кызыктырат. Ошол замат ал сен үчүн опурталдуу дарга айланат да, сен сөзсүз кулайсың. Балким дагы бир күнү сени кайсы бир ханзаданын келишимдүү келбети азгырат. Сен ошол эле күнү тажрыйбасыз дарчыга айланасың, а тажрыйбасы жоктор дайыма жыгылат.

Жан дүйнөңдү эч качан алтын менен асыл таштарга сатпа. Эң чоң бриллиант – бул Күн экендигин унутпа. Бактыга жараша, ал баарыбыз үчүн жарыгын бирдей чачат. Убагы келгенде сүйүп да каласың, ышкың түшкөн кишиңди бүт дилиңди берип сүй.

Искусство үчүн сахнага жылаңач чыксаң да болот, бирок ал жактан кийимчен эле эмес, тазаланып да келишиң керек… Менимче, сенин жылаңач денең сенин ачык-айрым жан дүйнөңдү сүйгөн кишиге гана тиешелүү болушу шарт. Ошентсе да мен сени жылаңачтар аралынын акыркы букарасы болушуңду каалар элем.

Мен кандайдыр бир керемет жүз беришин жана сен мен сага айткым келгендердин баарын түшүнүшүңдү тилейм. Жеральдина, Чарли бүгүн картайып калды. Эртеби-кечпи сага сахнага кийүүчү ак көйнөктүн ордуна аза кийимин кийип, менин бейитиме келесиӊ. Азыр мен сенин маанайыңды түшүргүм келбейт. Болгону кез-кезде күзгүгө карансаң, өзүңдөн мени көрөсүң.

Менин жүрөгүмдө кан айланбай, жан-теним муздап калганда да атаң Чалини эстей жүр, кызым. Албетте, мен периште эмесмин, бирок дайыма адам болууга умтулдум. Сен дагы адам бол, Жеральдина. Бетиңден сүйүп, атаң Чарли. 1965-ж., декабрь".

Чарльз Чаплиндин төрт аялынан (ал төрт жолу төшөк жаңырткан) он бир баласы болгон (айрым маалыматтарда он эки деп да жүрөт). Ошолордун ичинен жалгыз гана Жеральдина Чаплина атасынын жолун жолдоптур. Алгач балерина, модель болууну кыялданып, кийин кино дүйнөсүнө аралашыптыр. Бул жаатта атасынан кем эмес ийгиликтерге жетип, көптөгөн эл аралык абройлуу сыйлыктарды алган. Жетимиш жети жаштагы актриса азыр да күүлүү-күчтүү, жаштарга акыл-насаат айтып, кино өнөрүнүн сырларын үйрөтүп келет. Акыркы жолу 2019-жылы «Таажы» аттуу телесериалга тартылган.

Аким Кожоев, жазуучу

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG