Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Легендага айланган Алдакул улакчынын баяны


Кыргызстандагы аламан улак. Иллюстрация сүрөт.
Кыргызстандагы аламан улак. Иллюстрация сүрөт.

Жерге-Талдын Сары-Кенже айылында атагы бүтүндөй Кара-Тегин өрөөнүнө тараган Алдакул чабандес жана анын досу раматылык Кутмидин жөнүндөгү бул баян окурманга жагат деп ойлойм.

Ат жалында ажалдан да жалтанбайт

Ал ашкере кайраты, чеберчилиги, өжөрлүгү, кара күчү менен көк бөрү болгондо эч кимди алдыга чыгарчу эмес. Азыркы футбол мыктылары Роналду, Месси ж.б.у.с. жаштардын кандай кумири болсо, бала кездеги биздин кумирибиз Алдакул ава эле. Мейли жөө улак тарталы (ушундайыбыз да бар болчу), мейли эшек же ат менен улак чабалы, кыйыныраагыбыз өзүбүздү "мен Алдакул чавандазмын" (Жерге-Талда ушинтип айтышат) деп атап алчубуз.

Алдакул аванын чапкан улагына тек улак ышкыбоздору гана эмес, жетимиш-сексендеги кемпирлер да күйөрман эле. Чын эле Алдакул ава ат үстүндө төрөлгөндөй, улак үчүн гана жаралгандай, көк бөрүнүн өзгөчө дасыгы, өзгөчө адиси болучу.

Кызыгы, Алдакул чабандестин атасы дал ушул улак тартып жатып, Кызыл Сууга (Жерге-Талдагы эки ири дарыянын бири) түшүп кетип, агып өлгөн экен. Ал кезде, жыйырманчы кылымдын те элүүнчү жылдары, улактын "ким кайда" (ким кайда чапса ыктыяры дегендей) деген түрү болуптур. Ал азыркы биз билген көк бөрү оюнуна караганда алда канча машакаттуу да, алда канча кооптуу да болуптур. Башкача айтканда, улакты алган киши өз айылын (же өз уруусун) карай чапчу экен. Үстүндө чабандеси, ага кошумча 20-25 кг улак менен чанда гана күлүк менен улакчы 10-15-20-40 км аралыкты жеңип, марага жетсе керек.

Анүстүнө азыркыдай машине жолдор салына элек ал мезгилде Жерге-Талдын айылдарынын жолу тар, таштак, өйдө-ылдыйы, ой-чукуру арбын болгон экен. Ошондуктан чабандестер көп кырсыктачу тура.

Алдакул аксакал. Архив сүрөт, 2014-жыл.
Алдакул аксакал. Архив сүрөт, 2014-жыл.

Баарынан "намыс" дегенди жогору койгон улакчылар өлөр-тирилерине карабай, атаандашы аргымактардын астында тебеленип жатса же сууга агып кетип баратса да көңүл бурбай, оюндун кумарына азгырылып кете беришкени илгери акылга сыйбай турган да салттарыбыз болгондугун айгинелейт.

Биз бүгүн кеп кылалы деп турган Алдакул чабандестин атасы сууга акчуда бүт район боюнча чоң улак болуп, улак бирде тигил айылдын, бирде бул айылдын жигиттерине тийип, алып качып бараткандан жеткени жула качып, күн кечтеп калганда Кызыл-Суу дарыясынын жээгине туш келишет.

Ошол жерде "намыс" талаш катуу күчөп, ар бир айылдын, ар бир уруунун бычакка сап болчу азаматтары баштарын канжыгага байлап, чоң суунун кирип турганына, бийик жардын кырына келип калышканына карабай, кашактан (топтон) улакты сууруп чыгууга жан далбас кылышат. Ал эми көк бөрү тартуу колунан келбегендери тамагы айрылганча кыйкырып, өз тарапташтарын сүрөп турат. Бирок ал жердин бир жагы бийик тоо, экинчи тарабы күрпүлдөп агып жаткан суу болгондуктан, тар жерден оңойчулук менен суурулуп чыгып кете алышпайт.

Барган сайын айкаш күчөйт, барган сайын атаандаштык оожалат. Акыры эртеден кечке чейин алыска чуркап, арып-ачкан, алсыраган аттар сүрмө топтун кысымына туруштук бере албай, бир канчасы кырдан ашып кетип, сууга учуп түшөт. Кырсыкка кабылгандар Кудайга үнү жетип жардам сурап айкырып жатышса да, атаандаштар аларды сактап калууга шашылбайт, тескерисинче, кымгууттан пайдаланып, улакты алып өз тарабына чаап жөнөйт.

Ошол апаатта набыт болгондордун бири (сууга түшүп кеткен беш кишинин үчөө өлүп, экөө аман чыгат) Алдакул чабандестин атасы болгон экен. Оюндагы "намысты" адам өмүрүнөн жогору койгон мурдагылардын кээ бир жоруктарына таң калбай койбойсуң.

Кошунаны кошуп алган ак пейил

Көк бөрүнүн мындай "жапайы" түрүнө качан тыюу салынганын билбейм. Мен эс тарткандан бери улак бир эле айыл аймагында (т.а. кайсы айыл берсе, ошондо) болот. Көбүнчөсү оюнчулар эки командага бөлүнүп алып же айыл-айыл же уруу-уруу болуп чабат. Улакты ар бир команда өз тарабындагы ташка, же дөңгөлөктүн ичине алып барып ташташы керек. Улак ташка же дөңгөлөккө тийип турбаса тан (ташталганы анык) эсептелбейт.

Жерге-Талда чоң улак болгондо көк бөрүчүлөр негизинен эки ири урууга бөлүнүп (кыдырша-бостон же актачы-кесек болуп) чабат. Кээде улакка Чоң-Алайдан же азыр аттары өзгөрүп кеткен өйдөкү Гарм (Корум) жана Тажикабат райондорунан да чакырылат.

Биз өспүрүм кезде улактын көркүн Алдакул ава ачар эле. Аты легендага айланган андай улакчы эми туулбаса керек. "Менин атам улактан өлгөн, мен дагы улактан өлөм", – деп айтканын бир канча жолу өз оозунан укканмын. Жылкы жаныбар менен бир бүтүндүктө жаралгандай, улак дегенде ичкен ашын жерге койгон Алдакул ава бир жолу күлүгү менен машиненин үстүнөн секиртип өткөн экен. Дагы бир ирет үй бою жардан учуп түшкөн дешет.

Чулу тулку-бою, жалаң тарамыштан бүткөнсүгөн алп манжалары, ат үстүндө кыт куйгандай отурушу жоокерчилик замандагы баатырларды эске салар эле. Алдакул ава – ырас эле улактын пири дегендей киши. Угушума караганда быйыл сексендин кырына чыгып калгандыгына карабай, азыр да жакшы көргөн атын минип, байма-бай улак болгон жерлерге барып турат.

Дагы бир кызыктуу жагдай, ошол кезде Жерге-Талдын тажиктери да кыргыздарга кошулуп, "кыдырша", "бостон", "актачы" же "кесек" болуп кетишкен болучу. Улакта алар да кыргыздар менен бир катарда "кыдырша, чап!" же "бостон, чап!" ж.б.у.с. деп кыйкырып сүрөп турушар эле. Ачыгын айтканда, ал кезде кимдин-ким экендигине анча маани берчү эмеспиз. Менин классташтарымдын бир канчасы тажик экендигин кийин гана билдим. Жерге-Талдагыдай эки маданиятты бирдей өзүнө сиңирген, жүздөгөн жылдар бою аралашып, жыт алышкан ынтымактуу калк дүйнөдө аз эле болсо керек. Тилекке каршы, бүгүн мурдагыдай болбой калды.

Көк бөрүнүн көкшүнү

Кошуна Сасык-Булак деген айылда Алдакул аванын Кутмидин деген тажик досу бар болучу. Ал кишинин сөөгү эле тажиктики болбосо, чыныгы "бостон" ошол эле. Мейли улак болсун, мейли башка мелдеш болсун, бостондордун таламын талашып, бостондун намысы үчүн "өлбөгөн жерде калчу". Эң кызыгы, раматылык Кутмидин ава кыргызчаны суудай билчү, анча-мынча жамактап жибермей жайы да бар эле. Ошол киши тууралуу бир кызыктуу окуяны белгилүү журналист Жолдош Турдубаев аке айтып берген, ошону сиздерге баян этейин.

Кайсы бир жылы улак кызуу жүрүп жатканда аты менен кулаган бирөөнүн үстүнө Кутмидин аксакал ат салдырганын байкабай калган окшойт. Ошондо ачуусу келген карашоролук мыкты чабандестердин бири Орозали аке (а кезде анын каны кайнап турган жигит чагы) Кутмидин аваны төбөдөн ары камчы менен чаап жиберет. Эки ортодо чоң жаңжал чыгып кетерде, башка улакчылар арага түшүп тынчытат. Оюн аяктап, эл үйүнө тарагандан кийин Кара-Шоронун аксакалдары Орозали аке менен Кутмидин аваны элдештирүү үчүн анын үйүнө барышат. Өзүнөн улуу аксакалдар арага түшүп, алдына келип тургандан кийин Кутмидин ава эмне демек эле."Жарайт, кечирдим" дейт. Аксакалдар элчилик вазийпасын аткарып өз айылына кайтат.

Бир-эки жыл айланып, Жерге-Талда дагы бир чоң улак болот. Ага атактуу чабандестер, белгилүү улакчылар катышат. Албетте, мындайда улак адаттагыдай "кыдырша-бостон" болуп чабылат. Эл көп чогулуп, мыкты улакчылар чакырылгандыктан, таймаш катуу жүрөт.

Алды кетти башталганда (баш байге коюлганда) жалаң мыктынын мыктысынын гана улакка колу жетип, бир күн кечке тынбай чапса чарчабаган күлүктөр гана чуркап калат. Улак бирде тигил уруунун, бирде бул уруунун дасык чабандестерине тийип, бирок марага жеткире албай көп убара тартышат. Мына ошондо Орозали аке топ жарып чыгып, жандоочуларынын коштоосунда аттаандаштарга жеткирбей узап кетет. Көп өтпөй улакты чекке алып барып таштайт. Баш байге ыйгарылып жаткан учурда Кутмидин ава Орозали акенин алдына басып барып, бек кучактайт. Жан-алы калбай сүйүнүп, жалпы элдин көзүнчө:

- Азаматсың, Орозали үкам! Сен бүгүн бүтүндөй бостондун намысына жарадың! Чынын айтайын, азыркыга чейин мен сага катуу кек сактап, бир жамандык кылсам деп жүрдүм эле. Ушул сааттан баштап экөөбүз бири-бирибизге сүттөн акпыз, мен сени кечирдим, – дейт.

Көкүрөктө сыры, көмөкөйдө ыры бар

Алдакул аванын жашы өйдөлөп калганда ачылган дагы бир өнөрү бар. Ал көкүрөк-көөдөнүндөгү бугун кагаз бетине түшүрүп ыр жазат, атүгүл кээде кадимкидей жамактап төгүп да жиберет. Мындан бир топ жыл илгери ошол кездеги "Азаттыктын" кабарчысы, азыркы даректүү кинолордун режиссёру Жаңыл Жусупжан атайын Жерге-Талга барып аксакал менен жолугуп, аны сүйлөтүп, ырдатып радиого алып чыккан болучу. Бул кызыктуу маекти каалоочулар "Азаттыктын" архивинен таап укса болот.

Жер жылдызы Жерге-Тал: Алдакул улакчы
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:03 0:00
Түз линк

Жек көрсө чындап жек көргөн, касташса чындап касташкан, бирок баарынан ариет-намысты жогору койгон (өйдөдө баяндагандай, кээде аша чаап да кеткен) жарыктык аталардын өздөрү болбогондой эле, эми алардын заманы да кайтып келбейт.

Алдакул аксакал байбичеси Ташкемпир, небереси менен. 2014-жылы тартылган сүрөт.
Алдакул аксакал байбичеси Ташкемпир, небереси менен. 2014-жылы тартылган сүрөт.

Кыштын кычыраган суугунда жээктерин көк муз каптаган суунун ичинде улак чаап жүргөн жердештеримдин кайсар жоругун видеодон көрүп ушулар эсиме түштү. Көрсө, кээде оюндун кумары ден соолукту да, этияттыкты да, коркунучту да унуттурат тура. А балким, мунун сыры кыргыз атка минсе өзүн куштай эркин сезип, заматта оттон да, суудан да кайтпаган баатырга айланганындадыр. Же түпкү атасынан бери ак кызмат өтөп келе жаткан жылкы баласына ашкере ишенгениндедир…

Аким Кожоев

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG