Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:59

"Бороон" – махабат тууралуу ажайып баян


Бир катар эл аралык сыйлыктардын ээси, ирандык атактуу кинорежиссёр Мажид Мажидинин бул тасмасы сүйүү жөнүндө.

Анда аягы тыйылбаган согуштун, оор турмуштун кесепетинен өз мекенинен бозуп Иранга өтүп келген оогандык жалданма жумушчулардын татаал тагдыры баяндалат. Дээрлик баарынын тек-жайын тастыктаган документтери жок болгондуктан, жашырынып иштеп, эптеп жан багып жаткандары, айрымдарынын адам чыдагыс шартта жашап жана эмгектенгени (айрыкча аялдар) тууралуу да сөз болот. Бирок кинонун негизги өзөгүн махабат, заматта адамдын жан дүйнөсүн элеп-желеп кылган анын улуу касиети түзөт.

Латиф – он жети жаштагы улан. Ал айылдан шаарга келип, атасынын таанышынын кол астында, куруучуларга ашпозчу болуп иштеп калат. Башкаларга салыштырмалуу анын жумушу жеңил, ал болгону күн сайын наабайканадан нан, дүкөндөн азык-түлүк алып келип, аны жумушчуларга даярдап берет. Анан дагы маал-маалы менен аларга чай ташып турат.

Латиф кичүү экендигине карабай, чоң кишилер менен бирме-бир айтышат. Анда улууну сыйлоо деген түшүнүк жок. Атүгүл алар менен күн алыс мушташып турбаса жегени аш болбогон жеткен терс аяк, албуут, адепсиз неме. Анын өтө өзүмчүлдүгүн, башкаларга жаны ачыбаган ташбоор экендигин залкар сүрөткөр чебер деталдар менен даана ачып көрсөтөт.

Дал ушул курулушта оогандар да иштейт. Жогоруда кеп болгондой, алардын жумушу мыйзамдаштырылбаган, ошондуктан текшерүү келгенде алар туш-тарапка качып, көз ачып-жумганча житип кетүүгө тийиш. Болбосо алардын өзү да, аларды тымызын иштетип жүргөндөр да чоң балээге кабылат.

Күндөрдүн биринде кокустук болуп, оогандык жумушчулардын бири жогорку кабаттан түшүп кетип бутун сындырып алат. Анын бир жыл мурда аялы каза таап, беш баласын жалгыз өзү багып жаткан. Кырсыктаган Нажафтын үй-бүлөсү ачка кала турган болгондо ошол эле курулушта иштеген досу Султан анын он алты-он жетидеги кызын эркекче кийиндирип, жумушка ээрчитип келет. «Мунуң өтө эле мажирөө, алсыз экен, жумушка жарайбы?» - деп курулуштун башчысы Мехмар эки анжы болуп ойлонуп калганда Султан: «Өзүм каралашам, бир-эки күн иштесе көнүп кетет» – деп бежиреп жиберет. Ошентип, Рахмат (башчы кыздан ысымын сураганда ал эмне дээрин билбей шашып калганда аяш атасы оозуна кирген биринчи атты айтып салат) эркектер менен бир катарда курулушта иштеп калат.

Толук күч-кубатка толо элек жана мындай иш үчүн жаралбаган назик кыз курулуш материалдары салынган оор каптарды жогорку кабаттарга ташууга мажбур болот. Бир жолу ошондой оор жүк менен өйдө чыгып баратып алсырап кулап түшкөндө, чыптанын ичиндеги күкүм чачылып кетип, асты жактагы ирандык устанын үстүнө жабыла төгүлөт.

Ортодо чоң жаңжал чыгат. Рахматтын мындай кара жумушка жараксыз экендигине көзү жеткен башчы: «Бүттү, токтот, сен бошсуң!» - деп ачууланат. Бирок башынан эле оогандыктарга жан тартып, алардын аянычтуу абалын жакшы түшүнгөн Мехмар кызды кууп жибере албайт. Эгер Рахматты кетирсе, Нажаф чиедей балдары менен ач каларын жакшы билет. Андыктан кызды Латифтин ордуна ашпозчу кылып коёт.

Ансыз да оогандыктарды кез келген жерде келекелеп, кыртышы сүйбөй жүргөн жигит эми аларга чындап өчөгүшүп калат. «Сен менин оокатымды тартып алып жатасың, карап тур, эми мен сени жөн койбойм!» – деп ызырынат. Атүгүл кыздын жаакка чаап да жиберет. Карасанатай, кекчил Латиф аяш атасы Султан экөөнө канчалык жамандык кылбасын, канчалык кордоп басынтпасын, кыз кыңк дебей баарын көтөрөт. Анткени көтөрбөскө айласы жок. Муну мигранттык турмуш деген эмне экендигин жон териси менен чындап сезгендер жакшы түшүнөт.

Бирок бир окуя Латифти күтпөгөн жерден таптакыр башка адамга айлантты. Ал ойдо жок жерден өзгөрдү, өзгөргөндө да кандай өзгөрдү…

Сыртта катуу шамал жүрүп, Рахматтын ашканасынын чүпүрөк менен тоскон эшиги жарым-жартылай ачылып калган эле. Ал муну байкабай, ылай менен дубалга чапталган күзгүгө каранып чачын тарап жатканда, Латиф капыстан көрүп калат. Оозу ачылып, боз уланды нес басат. Ал жакын келип, иштин жөнүн дароо түшүнөт.

Мындай түшкө кирбеген окуя анын жан дүйнөсүн аңтар-теңтер кылып жиберди. Анын бүт өнө боюнда бороон-чапкын жүрүп, көкүрөк-көөдөнүн тос-тополоң кылды. Али чыныгы сүйүү деген эмне экендигин сезип-туя элек тумсак жигит заматта эс-мас абалда калды.

Ошол көз ирмемден баштап анын жалгыз кызга гана эмес, жалпы оогандарга карата мамилеси өзгөрдү. Анын саат сайын кызды көргүсү, ага жолуккусу келип дегдеп, ал бет келгенде кээде апкарып, качып кетип да жүрдү. Эң башкысы, анын адамдык насилинде чоң өзгөрүш жүз берди, мындай сүйүүнүн шарапаты менен анын дилинде өзгөчө касиет ойгонду.

Күн өткөн сайын Бороон (кыздын ысымы ушундай) Латифтин бүт дүйнөсүнө ээлеп, өмүрүнүн маани-маңызына айланды. Эми ал аны эңсебей, аны сагынбай, аны көрбөй тура албай калды.

Эми ал кызга кантип жардам берсем, анын тагдырын кантип жеңилдетсем деп гана ойлочу болду. Кыздын таламын талашам деп, өз жердештери менен бир жолу мушташып да кетти.

Бороонду миграция кызматчыларынан куткарам деген аракети, тескерисине, каргаша болуп, бүт оогандыктар жумуштан куулду.

Мен бул нарктуу тасманын сюжетин толук баяндап отурбайын, андан көрө көрүүчүлөр өздөрү көрүп, өздөрү рухий ыракат алсын. Кинонун тек өзүм байкаган айрым урунтуу учурлары тууралуу гана учкай кеп кылайын.

Тасма ушунчалык нукура, эч бир жасалмасыз, чоң чеберчилик менен тартылгандыктан, баштан-аяк «бир дем менен» көрөсүң. Башкы каармандардын мүнөздөрү өтө ынанымдуу ачылган. Мисалы, курулуш башчысы Мехмар бир караганда орой, катаалыраактай сезилет. А чын-чынына келгенде ал өтө адамгерчиликтүү, сезимтал, башкалар үчүн жанын берүүгө даяр турган асыл адам. Кызмат ордун тобокелге салып, оогандыктарды калкалап жүргөнүнүн өзү эле чоң эрдик. Анын текшерүүчүлөргө өтө эле көшөкөрлөнүп жагынганы да өзү үчүн эмес, жалпынын кызыкчылыгы үчүн. Аны мындай кадамга айласыздык, турмуш кыстап жатат. Демек, биз аны аталган жорук-жосуну үчүн жек көргөнгө же сындаганга акыбыз жок.

Латифтин Нажафка бермек болгон эки жылдык айлык акысын үйүнө алып кеткен Султанды да ушундай жолго барууга аргасыздык мажбур кылды. Негизи Султан да Мехмар сыяктуу кишилик касиет-сапаты бийик инсан. Эгер ылаажы болгондо, ал бул ишке эч качан бармак эмес.

Ири державалардын геосаясий кызыкчылыктарынын айынан кырк жылдан бери шору арылбай, өз мекенинен дүйнөнүн туш-тарабына безип кеткен жана безип жаткан ооган элинин тагдыры «Бороон» тасмасында өтө аянычтуу чагылдырылган. Айрым эпизоддор көзгө жаш алдырып, жүрөктү титиретет. Кыз-келиндердин буркан-шаркан түшүп агып жаткан дарыядан таш чыгарганын же агынды тартканын көргөндө, ачыгын айтсам, төбө чачым тик турду. Аялзатына ушунчалык азап бергенге кимдердин, кандай адамдардын дити барды?! Бул эмне деген жапайычылык?!

Муну көрүп туруп тынч элди мүшкүлгө салып, жашоосун тозокко айландыргандарга түбөлүк каргыш, наалат айткың келет.

Залкар режиссердун биз сөз кылып жаткан тасмасын баштан-аяк бороон-чапкын, жаан, бурганак коштоп турат. Тасманын аталышындай эле (башкы кейипкер кыздын аты да бекеринен Бороон эмес), табияттын мындай алай-дүлөй кубулуштары да метафоралык, символдук мааниге ээ.

Бул бороон бири-бирине чындан арзып, бирок тилегине жетпей калган эки жаштын армандуу сүйүүсүнүн бороону эле эмес. Же ондогон жылдардан бери ооган элинин башына үймөлөктөшкөн кара туман эле эмес, бул бороон – адам болуп жаралгандан бери тынч алып, мунасага келе албаган жалпы адам баласынын да бороону.

Аким Кожоев, жазуучу

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG