Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:09

Театр: создуккан ремонт, сахнаны сагынган актерлор


Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры. 7-декабрь, 2021-жыл.
Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры. 7-декабрь, 2021-жыл.

Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын ремонту бүтпөй, эки жылдан ашык убакыттан бери жабык турат. Бирок театрдын эмгек жамааты ага карабастан жаңы спектаклди коюуга даярдык көрүүдө.

Сентябрдын башында оңдоо иштерин бүтүрүү үчүн бюджеттен кошумча каражат бөлүнгөнү кабарланган. 2019-2020-жылдары республикалык бюджеттен берилген каражатка театрдын сырты оңдолуп, эски айнектери заманбап үлгүдөгү сапаттуу айнектерге алмаштырылган. Андан тышкары жылуулук берүү системалары, көшөгөлөр, отургучтар жана LED-экран алынган. Пандемиядан улам, каржылоо убактылуу токтоп, ремонт иштери үзгүлтүккө учураган.

Театр жамааты оңдоп-түзөө иштери бүтөрү менен Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" драмасын сахнага алып чыкмакчы.

Сагындырган сахна

Театрдын артисти Албина Имашова көрүүчүлөр эле эмес өздөрү деле театрдын ачылчу күнүн чыдамсыздык менен күтүп жатканын кеп салды.

Альбина Имашова.
Альбина Имашова.

"Өзүңдүн кесибиңди сүйсөң, бардык нерселер сагыныч менен кайтып келет экен. Мисалы, театрдын биз ар убак аттап кирчү босогосу, андагы кийчү кийимдерибиз да көзгө жылуу учурайт. Эми эртерээк ачылып калса экен деп тилек кылып жатабыз. Зал толо күйөрмандардын кол чабууларынын коштоосунда роль ойноп жаткан көз ирмемдерди абдан сагындык”.

Жаңы даярдалып жаткан спектаклде Каныкейдин ролун Калича Сейдалиева менен Албина Имашова ойнойт. Эми Имашованын көксөп жүргөн кыялы театр ачылса эле ишке ашканы турат.

"Каныкейдин ролу көптөн берки кыялымдагы роль. Буга чейин атактуу актрисалар Бакен Кыдыкеева, Таттыбүбү Турсунбаева, Мираида Далбаева, Жамал Сейдакматовалар ойногон. Калича Сейдалиева эжебиз мени даярдап, бул ролду ишенип берген. Азыр экөөбүз параллелдүү түрдө ойнойбуз. Ал ойногондо мен бери жакта карап турам. Мен ойногондо ал кеп-кеңешин айтып турат. Алдыда кыялдарым дагы абдан көп. Сахнада Жаңыл Мырзанын ролун аткаргым келет. Кинодо жашым өтүп кетти окшойт, бирок театрда ал образды да ойногум келип жүрөм. Анткени тарыхый чыгармаларга көңүлүм абдан жакын".

Жаңылыгы менен кайтып келген спектакль

Акын, драматург Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасы 40 жылдан бери кыргыз драма театрдын сахнасында коюлуп келген. Театр жамааты спектакль бул ирет жаңы өңүттө сахнага кайтып келет деп ишендирүүдө.

Театрдын оңдоп-түзөлүп жаткан сахнасы.
Театрдын оңдоп-түзөлүп жаткан сахнасы.

Мамлекет тарабынан бул спектаклди коюуга 2 млн. сом бөлүнгөн. Режиссёр кылып жаткан Назым Мендебаиров чыгармага дээрлик бир жарым жыл даярдык болгонун айтты.

Назым Мендебаиров.
Назым Мендебаиров.

“Театр көрүүчүлөр үчүн жабык турганы менен, биз ар дайым эмгектенип жатабыз. Жеке өзүм дагы шакирттерге сабак берип, кинолорго тартылып келем. Биздин актёрлук топ пандемия маалында деле интернет айдыңында ырларды көркөм окуп жатты. Маселен, Жеңиш күнүндө, энелер майрамында, Нооруз майрамында, театр күндөрү элди жакшы үмүткө үндөп турушту. Эми деле ремонт иштери жүрүп жатканда спектаклге даярданып жатабыз. Мурда коюлган спектаклдер көпкө ойнолбой калса да айрым жерлери унутулуп кала берет. Ошондуктан алардын айрымдарын да кайталап, бышыктоодобуз”.

Мендебаировдун айтымында, "Манастын уулу Семетей" драмасынын негизинде сахналаштырылган спектакль "Каныкейдин төлгөсү" же "Төлгө" деген ат менен элге тартууланышы мүмкүн.

Театр актёрлору даярдык учурунда.
Театр актёрлору даярдык учурунда.

"Актёрлор бош калган жок"

Маданий жайдын актёрлору быйыл жаз айында орус жазуучусу Фёдор Достоевскийдин "Кылмыш жана жаза" романынын негизинде сахналаштырылган “Мармеладовдор”, казак элинин жазуучусу Мухтар Ауэзовдун поэмасынын негизинде жазылган “Енлик Кебек” спектаклдерин театрдын ичинде жабык түрдө тар чөйрөгө тартуулаган.

Актёр Жылдызбек Касейинов кесиптештеринин көпчүлүгү театрдан сырткары ар кайсы иштер менен алек болуп жатышканын айтты.

Жылдызбек Касеинов.
Жылдызбек Касеинов.

“Азыр изденүү убагындабыз. Театрдан сырткары кинолорго тартылып жатабыз. Мен бир-эки окуу жайда сабак берем, ийрим бар. Азыр ошолор менен алекпиз. Театрды да абдан сагындык, жабык турганына үл жылдай болду. Жаркыраган залда көрүүчүлөрдү кабыл алганга да саналуу күндөр калды деп ойлойм. Ремонт иштери эртерээк бүтсө экен”.

Жарабай калган смета

Борбордун так ортосунда жайгашкан академиялык драма театры 2019-жылдын күз айларында оңдоп-түзөөгө жабылган. Ал үчүн өкмөт 84 млн. сомдон ашуун каражат бөлгөн. Театрдын директору Асылбек Өзүбеков маданий жайдын ремонтунун мынча убакытка созулуп кетишинин себебин түшүндурдү.

Асылбек Өзүбеков.
Асылбек Өзүбеков.

Азыр оңдоп-түзөө иштерин эртерээк бүтүрүү максатында күнү-түнү иш жүрүп жатат. Декабрь айы да ортолоп калды. Биз да ушул жылдын аягына чейин бүтүп калсак деп аракет кылуудабыз. Бирок так бүтүп калат деп айтуу да кыйын. Кечигип жатканыбыздын себеби - пандемия дагы учурунда өз кесепетин тийгизди. Анан 2019-жылы түзүлгөн сметаларыбыз 2021-жылга жарабай калды. Баалар эки жарым, үч эсе көтөрүлүп кеткени бизди жарга такап, айлабызды кетирип койду”.

Өкмөт бөлгөн каражат мекеменин короо жайына, көшөгөнү көтөрүп-түшүрүүчү техникаларга, сырттагы жарык берүүчү жабдыктарга жетпей калгандан кийин да Асылбек Өзүбеков 2020-жылдын күзүндө мамлекеттен кошумча каражат бөлүнгөнүн кеп кылды. Ал азыр театр кандай өзгөргөнүн кошумчалады.

“Былтыр баалар көтөрүлө элек кезде айрым каражаттарды алып калдык. Мисалы, Орусиядан отургучтарды алып келдик, Түркиядан жарык берүүчү каражаттарды, көшөгөлөрдү алдык. Ошону менен катар баасы кымбат турган аба менен жылытуу жана муздатуу системасынын жабдыктары алынды. Мындан сырткары театрдын сыртына Кытайдан экран алынып келинди. Андан театрдын репертуарлары, мурунку жана азыркы артисттердин роликтери көрүнүп турат”.

Театрдын сыртына орнотулган экран.
Театрдын сыртына орнотулган экран.

Быйыл сентябрь айында театрдын оңдоо иштерин бүтүрүү үчүн республикалык бюджеттен кошумча 44 миллион 722 миң 900 сом бөлүнгөнүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирген. Маданият министрлиги театрды жыл соңуна чейин ачууну максат кылган, бирок театр жетекчилиги оңдоп-түзөө жыл аягына чейин бүтпөй турганы тууралуу кат жолдогонун айтууда.

Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик драма театры мындан 95 жыл мурун 1926-жылы 11-октябрда негизделип, азыркы имарат 1972-жылы пайдаланууга берилген.

Маданий жайда учурда 196 кызматкер эмгектенет. Алардын 55и актёр болсо, үч режиссёр, үч сүрөтчү коюучу, анан көркөм жетекчи бар. Ал эми калгандары администрациялык, техникалык кызматкерлер.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG