Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:49

Кыргыз улуттук академиялык драма театрын оңдоого кошумча каражат бөлүндү


Кыргыз улуттук академиялык драма театрын оңдоого кошумча каражат бөлүндү. Бишкек. 14-сентябрь, 2021-жыл
Кыргыз улуттук академиялык драма театрын оңдоого кошумча каражат бөлүндү. Бишкек. 14-сентябрь, 2021-жыл

Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын ремонт иштеринин акыркы этабы башталды. Оңдоо иштерин бүтүрүү үчүн бюджеттен кошумча 44 млн. 722 миң 900 сом бөлүндү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Учурда театрдын чатыры оңдолууда.

2019-2020-жылдары республикалык бюджеттен берилген каражатка театрдын сырты оңдолуп, эски айнектери заманбап үлгүдөгү сапаттуу айнектерге алмаштырылып, жылуулук берүү системалары, көшөгөлөр, отургучтар жана LED-экран алынган. Пандемиядан улам, каржылоо убактылуу токтоп, ремонт иштери үзгүлтүккө учураган.

Театр 1926-жылы негизделип, азыркы имарат 1972-жылы пайдаланууга берилген.

Ремонт иштери жыйынтыкталган соң, театрды 95 жылдыгына карата ачуу пландалып жатат. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG