Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:33

Путин ШКУнун Дүйшөмбүдөгү саммитине барбайт


Орусиянын президенти Владимир Путин
Орусиянын президенти Владимир Путин

Орусиянын президенти Владимир Путин айланасындагы адамдардан коронавирус аныкталганына байланыштуу обочолонуп иштөө режимине өттү. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайтында кабарланды. Анда президенттин коронавирусту аныктоочу тест тапшырганы боюнча маалымат жок.

Буга чейин Путин паралимпиадачы-спортчулар менен жолугушуу учурунда карантинге кетиши мүмкүн экенин айткан. Бирок президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путин "образдуу түрдө айтканын" билдирген.

Владимир Путин Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө өтчү ЖККУ менен ШКУнун саммиттерине барбай турганы белгилүү болду. Ал жыйындарга онлайн катышат.

69 жаштагы Владимир Путин жазында Орусия өндүргөн "Спутник V" вакцинасы менен эмделгени белгилүү болгон. Ал былтыр коронавирустан улам бир нече ай аралыктан иштеп, коомдук иш-чараларга катышкан эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG