Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:42

БУУнун баш катчысы Ооганстандагы аялдар жетишкен ийгиликтерди сактап калууга чакырды


Антониу Гуттериш
Антониу Гуттериш

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш ооган аялдары жана кыздары акыркы жылдары жетишкен ийгиликтерди сактап калууга чакырды. Ал Твиттердеги баракчасына “ооган аялдары жана кыздары буга чейин жетишкен ийгиликтер жок болбойт, мектептердин каалгасы жабылбайт жана үмүт өчпөйт деген кепилдикти каалайт” деп жазды.

Мындай чакырык Ооганстанда “Талибан” бийликти колго алып, аялдардын укуктарын катуу чектебейби деген чочулоо күч болуп жатканда айтылды. Радикал кыймыл жыйырма жыл мурдагыдан өзгөргөнүн, аялдарга шарияттын алкагында берилген укуктар караларын билдирген. “Талибан” Ооганстанда 1996-2002-жылдары бийликте турган учурда кыздарга мектепте барууга, аялдарга билим алууга жана иштөөгө толугу менен тыюу салган.

Бирок көптөгөн оогандыктар талибдердин соңку убадаларына ишенбей турат.

7-сентябрда түзүлгөн жалаң эркектерден турган "Талибандын" өкмөтү Ооганстанда митингдерди өткөрүүгө тыюу салды.

Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет “Талибанды” адам укуктарын коргоо боюнча убадаларын бузуп жатканы үчүн сындады. Ал “акыркы үч аптада аялдар акырындык менен коомдук турмуштан четтетилип жатат” деп билдирди.

Бачелет Женевадагы Адам укуктары боюнча кеңештин жыйында сүйлөп жатып Ооганстанда коопсуздук күчтөрүнүн айрым мурдагы кызматкерлери өлтүрүлгөн учурлар бар экенин белгиледи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG