Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Кырчында 14,6 кубометр карагай мыйзамсыз кыйылганы аныкталды


Мыйзамсыз кыйылган Тянь-Шань карагайы.
Мыйзамсыз кыйылган Тянь-Шань карагайы.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик токой чарба агенттиги 10-12-сентябрда Ысык-Көл токой чарбасынын Кырчын тилкесине текшерүү жүргүзгөн. Анда 14,6 кубометр Тянь-Шань карагайы мыйзамсыз кыйылып, токой чарбасына 69 миң сомдон ашуун зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Мыйзамсыз токой кыюу боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилмей болду. Ананьево токой чарбасынын токойчусу кызматтан бошотулуп, келтирилген зыянды өндүрүү, Ысык-Көл токой чарбасынын директоруна катуу дисциплинардык чараларды көрүү тапшырылды.

Мыйзамсыз токой кыюуга жол бербөө максатында, Ысык-Көл токой чарбасына берилген токойду тазалоо боюнча бардык уруксаттарды жокко чыгарды. Андан сырткары 13-сентябрдан тартып токой фондусунун аймагында жыгач даярдоону убактылуу токтотуу тапшырылды. Кичи-Аксуу жана Чоң-Аксуу капчыгайларында жайгашкан постторго видеобайкоо камераларын орнотууну тездетүү тапшырылды.

Экологдор Кыргызстандагы токойлордун саны барган сайын кыскарып жатканына тынчсызданып келишет. Кыргызстандын жалпы аянтынын 6% токойлордон турат. Азыркы тапта мамлекеттик органдар токойлорду каттоого алууда. Мындай каттоо 2010-жылы, 11 жыл мурда жүргөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG