Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:40

ШКУ жана ЖККУ жыйынында Ооганстандагы кырдаал талкууланат


Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Тажикстандагы жыйындарында Ооганстандагы кырдаал талкууланат.

(ЖККУ) коопсуздук Кеңешинин сессиясы 16-сентябрда, ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин отуруму 17-сентябрда Дүйшөмбү шаарында болот.

Ушул себептен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 15-сентябрда кошуна өлкөгө иш сапары жөнөп кетери расмий кабарланды.

ЖККУ жыйынынын соңунда жыйыныктоочу декларацияга жана уюмдун ишмердигин жөнгө салган 13 документке кол коюлат.

Ошондой эле, ШКУнун 20 жылдыгына арналган мааракелик декларация кабыл алынып, уюмдун ишмердигине тиешелүү 30дан ашуун документке, анын ичинде ШКУнун жаңы башкы катчысын дайындоо тууралуу чечимге кол коюлат.

Эки уюмдун жыйындары Ооганстанда "Талибан" бийликке келип, Борбор Азияда коопсуздук маселеси курчуган учурда өтүп жатат.

ШКУ 2001-жылы негизделген. Ага Кыргызстан, Кытай, Орусия, Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстан мүчө.

ЖККУ 1992-жылы негизделген. Ага Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан, Орусия жана Тажикстан мүчө. Башында Азербайжан, Грузия жана Өзбекстан да бул альянска кирип, кийинчерээк чыгып кетишкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG