Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:39

ОшМУнун окутуучусу пара менен кармалганы кабарланды


Ош мамлекеттик университетинин башкы бөлүмү.
Ош мамлекеттик университетинин башкы бөлүмү.

Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу абитуриенттен 40 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 14-сентябрда таратты.

Милицияга Ноокат районунун тургуну кайрылып, баласын окууга киргизүү үчүн окутуучу 1200 АКШ долларын талап кылганын айткан.

Шектүү алгачкы көрсөтмөсүндө күнөөнү мойнуна алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын үстүнөн Жазык кодексинин 238-беренеси ("Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу") менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.

Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматы милициянын маалыматын четке какты.

"Кармалган адам окуу жайда иштебейт, бул окуяга университеттин тиешеси жок", - деп айтылат окуу жай тараткан билдирүүдө. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG