Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:13

Ош прокуратурасы Саркарбаевдин акталышы боюнча сотко кайрылды


Кылычбек Саркарбаев ортодо.
Кылычбек Саркарбаев ортодо.

Ош облустук прокуратурасы Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаевдин акталышына байланыштуу апелляциялык арыз менен облустук сотко кайрылды. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады.

Адвокат Назгүл Сүйүнбаева Кылычбек Саркарбаев "документ жасалмалоо" иши боюнча акталганын, 2020-жылдын февралында Ошто болгон атышуу чырына да катышы жок деп табылганын "Азаттыкка" кабарлаган. Мындай чечимди Ош шаардык соту 11-августта чыгарган. Анын Спорт комитетинин башында турганда "кызмат абалынан кыянат пайдаланганы" боюнча иши да "кылмыш белгилери табылбагандыктан" кыскартылган.

2020-жылдын 17-декабрында атайын кызмат Саркарбаевди аты-жөнүн жасалма документ аркылуу өзгөрткөн деген шек менен кармаган. Бир айдан кийин ага дагы бир кылмыш иши ачылып, Спорт комитетинин каржылык-чарбалык ишине зыян келтирген деп, Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") менен териштирүү башталган. Саркарбаев мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн миллион сом төлөп бергени расмий кабарланып, 16-январда шаардык сот аны үй камагына чыгарган.

33 жаштагы Кылычбек Саркарбаев - эрежесиз мушташтын чебери. Анын аты 2020-жылдын февралында Оштогу ок атышуу чырында да аталып, иликтөө жүрүп жаткан.

Ага каршы кылмыш иштери ачылгандан кийин Спорт комитетинин төрагалыгынан бошотулган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG