Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:12

COVID-19: Жонсон бустердик эмдөө боюнча планды жарыялайт


Британиянын премьер-министри Борис Жонсон улгайган жана саламаттыгы начар адамдарды коронавируска каршы бустердик эмдөө боюнча планды жарыялайт.

Жонсондун кеңсеси Вакцинация жана иммунизациялоо боюнча бириккен комитеттин (JCVI) эмдөөнүн үчүнчү дозасын алуу боюнча сунушун алганын кабарлады. 14-сентябрда премьер-министр жана саламаттык сактоо министри ревакцинация программасы кандай жүрөрүн баяндашат. Буга чейин JCVI улгайган жана өнөкөт оорусу бар адамдарга биринчи приоритет берилерин, жараян сентябрда башталышы мүмкүн экенин билдирген.

Жонсондун өкмөтү коронавирустан эмдөө паспортунан баш тартарын жана карантин эң зарыл учурда гана жарыяланарын билдирген. Анын ордуна Британия эмдөөгө басым жасоону көздөөдө. Ал тапта 13-сентябрдан тарта Италия, Румыния жана АКШдагы Нью-Йорк шаарында мектептерде окуу баштады. Нью-Йорктогу мектептердеги билим берүүнүн жанданышы пандемия шартындагы ири экспермент катары каралууда.

Румынияда болсо мектептерде окуучуларга беткап тагынуу жана социалдык аралыкты сактоо милдеттендирилди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG