Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Ооган качкындары дарыядан сүзүп өтүп Өзбекстанга кирүүдө


Ооганстандык качкындар
Ооганстандык качкындар

Ооганстандык качкындар Амударыяны кечип Өзбекстандын аймагына кирүүгө аракет кылууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундардын айткандарына таянып "Азаттыктын" өзбек кызматы жазып чыкты. Сурхандарыя облусунун тургундарынын айтымында, оогандык качкындар колго жасалган кайык, салдарды колдонуп, айрымдары дарыядан сүзүп өтүп, коңшу өлкөнүн аймагына киришкен.

Мурзабад районунун тургуну 12-сентябрда качкындардын кезектеги тобу өтүп, жергиликтүү тургундардан тамак-аш сурашканын айтып берген.

Аталган аймакта Өзбекстандын аскерлери жана чек арачылары кайтарууну күчөткөнү кабарланууда.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча учурда өзбек-ооган чек арасы толугу менен жабык. "Термез" өткөрмө бекетинен өтүүгө мүмкүн эмес. Буга чейин өзбек бийлиги айрым маалымат каражаттарынын "ооганстандык качкындарга чек араны ачат" деген кабарларын четке каккан.

"Азаттыктын" жеке булактарынын айтымында, Өзбекстан өзбек визасы бар ооган жарандарын гана киргизип жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG