Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:12

Норвегияда солчул оппозициячыл партия шайлоодо жеңишке жетти


Климаттын өзгөрүшүнө каршы туруу Норвегияда шайлоодогу башкы талкуулардын бири болду.
Климаттын өзгөрүшүнө каршы туруу Норвегияда шайлоодогу башкы талкуулардын бири болду.

Норвегия дүйшөмбүдө бир палаталуу парламентке шайлоо өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында солчул центристтик оппозициячыл партиялар жеңишке жетти.

Жумушчу партиянын лидери Юнас Гар Стере Норвегиянын кийинки өкмөтүн түзөрү күтүлүүдө. Ал үчүн парламентке келген башка партиялар менен коалиция түзүүгө туура келет. Жумушчу партия экономикалык теңсиздикти жоюу жана климаттын өзгөрүшүнө каршы аракеттерди көрүү убадаларын беришкен.

Мындай жол менен Эрна Сульберг башында турган Консервативдик партиянын сегиз жылдык башкаруусу аяктады.

Норвегия-калкы 5 миллион адамды түзгөн Европадагы эң байгер өлкөлөрдүн бири. Бул өлкө акыркы жыйырма жылда адамдык потенциалды өнүктүрүү индекси боюнча алдыдагы мамлекеттердин катарына кирет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG