Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:05

“Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү” фестивалы башталды


14-сентябрда Бишкекте “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү” эл аралык кинофестивалы башталды. КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрү катышкан иш-чара Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгына арналган.

Бул жолу сынакка 500дөн ашуун тасма көрсөтүлүп, эл аралык сынакка 14ү, улуттук сынакка 12си тандалып алынган.

Эл аралык сынакта Кыргызстандан режиссер, "Азаттыктын" мурдагы кабарчысы Айкөл Нурланбек уулунун “Мээрман” тасмасы көрсөтүлөт.

Фестиваль 17-сентябрда жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө “Мыкты фильм”, “Мыкты режиссура”, “Калыстар тобунун атайын сыйлыгы” жана "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү” сыйлыктары тапшырылат.

Онунчу жыл уюштурулуп жаткан фестивалга мурдагы союздук республикалардын киночулары чогулуп, тасмаларын чогуу көрүп, биргелешкен долбоорлорду талкуулашат.

Кинофестивалды КМШнын гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекет аралык фонду Кыргызстандын “Айтыш” коомдук фонду менен бирге уюштурууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG