Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:54

Тажикстан Байдендин сөзү үчүн АКШга нааразылык нотасын тапшырды


Жо Байден.
Жо Байден.

Тажикстан АКШ президенти Жо Байдендин айткандарына байланыштуу нааразылык билдирди.

Байден 11-сентябрда Пенсильваниядагы өрт өчүрүү аймагына барганда Ооганстандагы учакка жармашып, учуп өлгөн оогандыктар тууралуу сүйлөгөн. Анда ал “Эгер биз Тажикстанда С-130 учагын токтотуп, бизди жактыргандарга учакка түшкүлө десек шассиге асылган адамдарды көрмөксүңөр”, - деп билдирген.

Байдендин бул сөзүнө нааразы болгон Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрда Кошмо Штаттардын Дүйшөмбүдөгү элчисин чакырып, нота тапшырды. Тажик тарап “мындай сөз эки өлкөнүн дос жана өнөктөш мамилесине туура келбейт” деп билдирди.

АКШ элчилиги учурда бул нааразылык нотасы боюнча эч кандай комментарий бере элек.

15-августта “Талибан” кыймылы Ооганстандын борбору Кабулду ээлеген. Мындан соң талибдердин өч алуусунан корккон миңдеген адамдар Кабул аэропорту аркылуу өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган. Алардын арасында АКШнын учактарына жармашып, абага көтөрүлгөн соң кулап, каза болгондор да бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG