Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Cот Саркарбаевди актады, прокуратура даттанат


Кылычбек Саркарбаев
Кылычбек Саркарбаев

Ош шаардык соту шаардык спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаевди актады. Ал былтыр жыл аягында "кылмыш ишин жаап-жашыруу үчүн жасалма документ аркылуу аты-жөнүн өзгөрткөн" деген айып менен кармалып, кийин бир миллион сом төлөп үй камагына чыккан.

Облустук прокуратура ага байланыштуу соттун жогорку инстанциясына апелляциялык арыз жолду.

Эрежесиз мушташтын чебери, Ошто ок атылган окуяда аты аталган Саркарбаевдин акталышы алдыдагы парламенттик шайлоо жана андагы кылмыштуу топтордун таасири тууралуу талкууну козгоду.


Ош шаардык соту Кылычбек Саркарбаевге "документ жасалмалаган" жана "адамдын ден соолугуна этиятсыздыктан улам оор зыян келтирген" деген беренелер менен коюлган айып далилденген жок деп тапты.

Бул тууралуу облустук соттун басма сөз катчысы Айпери Туратбек кызы билдирди.

"Ош шаардык сотунун 2021-жылдын 11-августундагы өкүмү менен Кылычбек Саркарбаев Жазык Кодексинин 359-беренесинин 3-бөлүмү жана 142-беренеси боюнча анын аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган. Кылычбек Саркарбаевдин үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасы өзгөртүүсүз калтырылып, өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин алып салынары көрсөтүлгөн".

Саркарбаев былтыр декабрда Ош шаардык спорт комитетин жетектеп турганда камалган. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) ал аты-жөнүн жасалма документ аркылуу өзгөрткөн деген шек менен кармалганын билдирген. Атайын кызмат анда анын кылмыш дүйнөсүнө жакындыгы аныкталып жатканын кабарлаган.


УКМКнын ошондогу маалыматына ылайык, Саркарбаев 2006-жылы "талап-тоноо" деген берене менен бир жылга шарттуу кесилген. "Ал кылмыш ишин жаап-жашыруу максатында паспортундагы "Сулайманов" деген фамилиясын "Саркарбаев" кылып өзгөрткөн. Бул фактыны жашыруу максатында фамилиясын өзгөртүп, документ жасаткан жана Ош шаарынын спорт комитетинин жетекчиси болуп жумушка кирген. Бул фактынын негизинде учурда Саркарбаев кармалып, УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди" деп айтылган маалыматта.

Саркарбаев өзү фамилиясын өзгөрткөн себебин техникалык ката менен негиздеген жана мыйзам бузуу тууралуу дооматтарды четке каккан.

УКМК анын кримавторитет Кадыр Досонов менен жакын байланышы бар экенин, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн бир катар чатактарына катышканын маалымдаган.

Ушул жылдын башында атайын кызмат Саркарбаев мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн бир миллион сом төлөп бергенин, сот аны үй камагына чыгарганын билдирген. Анда Жазык кодексинин 320-беренеси ("кызмат абалынан кыянат пайдалануу") менен териштирүү жүрүп жатканын маалымдаган.

УКМК берген маалыматта "Саркарбаев спорттук иш-чараларды уюштуруу, шаймандарды сатып алуу жана сыйлык ыйгаруу өңдүү аракеттер менен акчаны сол чөнтөккө кымырганы" айтылган. Бирок тергөө маалында бул иш "кылмыш белгилери табылган жок" деген негизде кыскарган.

Саркарбаевдин адвокаты Назгүл Сүйүнбаева Саркарбаев кылмыш ишинде мамлекетке зыян тууралуу маселе болбогонун, бир миллион сомду мамлекет жардам иретинде которуп бергенин айтты.

Назгүл Сүйүнбаева.
Назгүл Сүйүнбаева.

"Ал акчанын бул ишке эч кандай тиешеси жок. Акча мамлекетке жардам катары берилген. Анткени бул иш боюнча эч кандай материалдык зыян эч кимге белгиленген эмес. Ал эгерде мамлекетке зыян жок. Эгер мамлекетке же кайсы бир жаранга зыян келтирилген деген учурда гана акча акталганда кайра кайтарылат. Саркарбаев эч кандай фамилиясын өзгөрткөн эмес. Расмий түрдөгү документтерди бурмалап же ондогон далилдер болгон эмес".

УКМК азырынча буга байланыштуу комментарий бере элек.

Талдоочу Төлөгөн Келдибаев Саркарбаевдин акталышына байланыштуу ага кылмыш ишин ачкан көзөмөл, тергөө адамдарынын жоопкерчилигине токтолду.

"Мен анын күнөөлүү же күнөөсү жок экенин айта албайм. Бирок эгер Саркарбаев "күнөөсү далилденген" жок деп толугу менен акталса, анда ага кылмыш ишин козгогон, аны тергеген, айыптоо корутундусуна кол койгондор, камагандардын баары кылмыш жообуна тартылышы керек. Алар күнөөсүз адамды камаган болсо анда алардын аракетине дагы юридикалык баа берилиши зарыл. Эгер күнөөсү далилденбесе анда аны кайра кызмат ордун калыбына келтирүү керек, моралдык чыгым төлөп берүү абзел".


Саркарбаевдин аты акыркы жылдары бир топ чуулгандуу иштерде аталган.

Ош облустук милициясы Саркарбаев 2019-жылы күзүндө Ош шаарына жакын Фуркат айылында мурдагы милиция кызматкери, эрежесиз мушташ чебери Төлөгөн Рахманберди уулун атканы жөнүндө маалымат тараткан. Андан көп өтпөй Рахманберди уулу өзүн өзү атып алганын айтып чыккан.

2020-жылдын башында Рахманберди уулу Саркарбаев менен ошол кездеги Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов ур-токмокко алганын айтып, ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековго видео кайрылуу жиберген.

34 жаштагы Саркарбаев Ош шаардык спорт комитетинин башчылыгына 2015-жылы келген. Чуулуу иштерде аты аталганына карабай Ош мэриясы ага эки жыл мурда "эң мыкты жаш жетекчи" деген наам ыйгарган жана бул талкууга түшкөн.

Ал өзүн эрежесиз эр уруштун чебери катары көрсөтүп келет. Акыркы жылдары өзү жеке спорт зал ачып, бир топ жаштарды спорттун эрежесиз мушташ түрү боюнча машыктырган. Саркарбаев Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык EREM спорт клубунда машыгып келген. Ушундан улам ал чуулгандуу иштерде аталган Бажы кызматынын мурдагы төргасы Райымбек Матраимовдун жакын кишиси катары да сыпатталган.


Журналист Семетей Талас уулу анын акталышын алдыдагы шайлоого байланыштырды.

"Ал шайлоого барышы мүмкүн же шайлоодо иштеп бериши мүмкүн. Кылыч Саркарбаев спортчуну бутка атып ошону менен белгилүү эмес беле. Ал шайлоодо чуркап иштеп бериши мүмкүн, же өзү чыгышы ыктымал. Кыргызстандын шайлоосунда криминалдык күчтөрдүн болгону же криминалга жакын элементтерди колдонуу өнөкөткө айланып калды".

Ушул жылдын июль айында кримчөйрөдө “Дөө Чыңгыз” деген каймана аты бар Чыңгыз Жумагулов абактан бошоп чыккан. Жаза аткаруу кызматы ал жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнү үчүн эркиндикке чыкканын билдирген. Бирок беш жылга кесилген кылмыш чөйрөсүнүн активдүү мүчөсүнүн эки жылда камактан чыгышы дагы талкуу жараткан жана бул жагдайды дагы шайлоо менен байланыштыргандар болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG