Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

Бакен Кыдыкеева - Борбор Азия кыздарынын бермети


Архивден: Бакен Кыдыкеева тасмаларда жароокер аялзатынын образын түзүп кетти.
Архивден: Бакен Кыдыкеева тасмаларда жароокер аялзатынын образын түзүп кетти.

Мындан 17 жыл мурда декабрь айында кыргыздын театр жана кино өнөрүндө өлбөс-өчпөс из калтырган улуу актриса Бакен Кыдыкеева каза болгон. Анын трагедиялуу өлүмүн иликтеген эч ким болгон эмес.

Жаңы жыл алдындагы трагедия

1993-жылы жаңы жылдын алдында жалпы дүйнө элдери сыяктуу эле кыргызстандыктар да жаңы жылдан жакшылыкты, тынчтыкты, молчулукту, токчулукту тилек кылып, майрамга кызуу даярдык көрүп жатышты.

Убагында “Борбор Азия кыздарынын бермети” деген атакка татыктуу болгон, айтылуу актриса Бакен Кыдыкеева да 30-декабрда Республикалык жаштар театрында кесиптештерин, шакирттерин жаңы жылы менен куттуктап, жүрөктөн чыккан каалоо тилектерин айтып отурду.

Бул күндү аталган театрдын белгилүү актеру Марат Жанталиев төмөндөгүчө эскерди:

- 1993-жылдын 30-декабрында жаңы жылдын алдында биздин театрга маяна берди. Мен бухгалтерияга кирсем Бакен эже ошол жерде отурган экен. Колунда шампан куюлган бокал. Биз укпаган, сахнадан, экрандан көрбөгөн укумуштуудай керемет ырлары бар экен. Ошол ырларын окуп, сонун обондорго кошуп созолонтуп ырдап, ажары бөтөнчө ачылып турду.



Марат Жанталиев белгилегендей ошол кезде дагы бир таланттуу эл артисти, театр жана кино өнөрүндө кайталангыс образдарды жараткан айтылуу Алиман Жангорозова каза болуп, анын сөөгү 31-декабрда кыргыз драма театрынан чыгарылмак экен.

- Бакен эже таксиге түшүп баратканда мен “эже, эртең Алиман Жангорозованын тажыясына келесизби?”,-деп сурадым. Анан ал “мен сөзсүз келем. Алиман менин энем. Энеме кантип келбейин”,-деди. Анан эртеси 31-декабрда Кыргыз драм театрына келип Бакен эжени карасам көрүнгөн жок. Алиман Жангорозованын сөөгүн жерге жашырып келип, элден Бакен эжени сурасам эч кимиси аны көрбөгөнүн айтышты. Мен эжени ооруп калган экен деп ойлодум.

“Борбор Азия кыздарынын бермети” 18 күн моргдо жаткан

Бакен Кыдыкееваны жакындан билген адамдардын айтымында, ошол каргашалуу 30-декабрда кар жаап, суук болуп турган. Караңгы кирип калган маалда Дзержинский бульвары менен Жибек жолунун кесилишиндеги жолдон өтүп бараткан Бакен эжени машине коюп кетет. Тегеректеги эл дароо чогула калып, тез жардам чакырып, Кыдыкееваны ооруканага алып кетишет.

Аны коюп кеткен унаанын ээси "Бакен Кыдыкеева өзү келип урунду" деген көрсөтмө берип кутулган деген кеп бар. Анткени бул окуянын артынан сая түшүп кунун кубалаган уулдары, кызыккан кесиптештери болгон эмес. Коомчулук да улуу актрисанын өлүмүнө кайдыгер карап кол шилтейт.

Ооруканада үч сааттай эсине келе албай залкар таланттын жүрөгү токтойт. Жанында өздүк документтери жок болгондуктан сөөгү моргго (өлүк кармоочу жайга) жеткирилет. Ал жерде 18 күн жатып, өздүгү аныкталбагандан кийин аты-жөнү белгисиз адамдар менен кошуп бир чуңкурга көмүлө турган болгондо сөөктү жууп жаткан медициналык кызматкер актриса Бакен Кыдыкееваны таанып калып, тиешелүү органдарга кабарлайт.

Ал учурду театр изилдөөчү Абас Сырымбетов алигүнчө жүрөктү өйүтүп келген окуя катары эскерип, "тарыхта таланттуу адамдардын тагдыры кейиштүү болот тура" деп оор үшкүрдү.

- Бакен эже авария болуп, акыреги сынып үч сааттан кийин каза болгон экен. Анын бети таанылбай калгандыктан моргдо 18 күн жаткан. Анын сөөгүн жууп жатканда медсестра кыз таанып калып бизге кабарлап, сөөгүн жерге бердик.

Мына ушунун бардыгы тең биздин өкмөт үчүн, коомчулук үчүн терең ойлоно турган маселе. Мындай тагдырга жалаң эле Бакен эже эмес, башка залкар таланттардын тагдыры да ушуга окшоп кеткендери бар. Мисалы Орусия менен Казакстанда таланттуу, атактуу адамдарды өкмөт өзүнүн камкордугуна алып, саламаттыгынан баштап материалдык бардык маселесин чечип келишет. Бизде эмне үчүн өкмөт саналуу таланттарды камкордугуна ала албайт. Муну ойлоно турган мезгил келди.


“Жашында көрүп мээнетти, карыганда көрбөй дөөлөттү”

1990-жылдын баш чагында Бакен Кыдыкеева жаш курагы келип калды, оорулуу делип 68 жаш курагында Улуттук кыргыз драма театрынан жумуштан чыгарылган.

Убагында аны көрүүгө зар болгон адамдарга, үзөңгүлөш жүргөн кесиптештерине кереги жок, кароосуз калган актрисаны белгилүү режиссер, маркум Алмаз Сарлыкбеков жаштар теарына жумушка алганын Кыдыкеева тууралуу эки китептин автору Абас Сырымбетов мындайча айтып берди.



Талантты жогору баалагандардын баамында, жүз жылда бир жаралуучу Бакен Кыдыкеевадай улуу актриса ошол убактагы мамлекеттеги, коомдогу башаламандыктын, кайдыгерликтин курмандыгы болду.

Бакен Кыдыкеева сахнада, тасмаларда ойногон ролдору аркылуу адамдардан жакшылыгын аябаган, мээрман, жароокер аялзатынын образын, кулк-мүнөзүн, бийик сапаттарын түзүп кетти.

“Жакшы жүрмөк бар, жакшы өлмөк жок” деген ушул белем.

Кинорежиссер Р.Ибрагимовдун “Айсулуунун талаасы” көркөм тасмасынан үзүндү. Бакен Кыдыкееванын өзүнүн үнү:

XS
SM
MD
LG