Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:28

“Театр - менин айтып бүтпөс дастаным”


Замир Сооронбаев.

Жаңы жыл алдында Эл артисти Замир Сооронбаев жазган “Театр - менин айтып бүтпөс дастаным” деген китеп миң нускада жарык көрдү.

Анда таланттуу актердун өмүр таржымалы, театр өнөрүнө кадам таштаган алгачкы чыйыры тууралуу жана сахнада ойногон ролдору, койгон спектаклдери камтылган.

“Театр - бул жандуу искусство. Көрүүчү менен сахнадагы аткаруучунун түздөн-түз байланышы, кандай гана жанрдагы болбосун, мейли трагедия, мейли комедия же болбосо турмуштагы күнүмдүк драмалык көрүнүштөр болсун ага таасирленбей койбойсуң. Театр мына ушунусу менен кызык, ары улук, ары касиеттүү болуш керек. Залкар режиссер Г. Товстоногов “Театр жан дүйнөнүн күзгүсү” деп бекер айтпаса керек. Адам баласы сырткы көрүнүшүн кийген кийиминен, турган турпатынан күзгүгө карай оңдонуп, түздөнүп алууга болот эмеспи. Ал эми жан дүйнөнү, руханий ачкачылыктын бөксөсүн толтурууга театрдын зор таасири, салымы бар экенин эстей жүрсөк оң болот го деп ойлойм”, - деп жазат автор.

Наамдар жана маданиятка мамиле

Андан ары турмушта кездешкен ар кыл көрүнүштөргө ой калчап, бийликтин маданиятка мамилеси, үзөңгүлөш иштешкен залкар таланттар тууралуу эскерген.

“1960-80-жылдарга чейинки убакыттарды карап, таразалап, маданияттын деңгээли бийик өскөнүн сезесиң. Мисалы, ошол учурдагы маданият кызматкерлердин, биздин залкарлардын болуп-толуп турган чыгармачылыгы оргуштап турган кезинде, кандайдыр бир суктануу менен эскерип карайбыз да. Ошол кезде мамлекеттин маданиятка болгон бийик мамилеси, ошол убакта маданият тармагын башкарган жетекчилердин көсөмдүгү, иш билгиси кандай гана таза болгон! Легендага айланган эжебиз Күлүйпа Кондучалова ХХ кылымдагы Кыргызстандын тарыхында мамлекеттик жетекчи кызматта татыктуу ысымы менен калган биринчи аял саясатчы болгон. Анын 22 жыл маданият министри болуп иштеп турган учуру өзгөчө даңазалуу тарыхта калды. Азыр биздин алсыз болуп кеткен маданиятка Кондучаловадай министрдин керектиги мезгилдин талабы экендиги чындык".

Мурдагы коюлган спектаклдер менен азыркынын айырмасына аналитикалык ой жүгүртүүсүн кошуп кеткенде китептин ажары ачылат беле деп калдым. Бирок, автор коомдогу баалуулуктардын өзгөргөнүн маданиятка жасалган мамиле аркылуу көрсөтүүгө аракет кылган.

"Бир нерсени баса белгилеп кетким келет, ошондогу карапайым элдин маданиятка болгон көз карашы такыр башкача болгон. Элеттен келген элдин шаарга келгенде театр көрөлү, музейге баралы деген түшүнүгү, кызыгуусу бар болчу. Ошол биздин маданият кызматкерлердин, жазма адабиятыбыздын таасири. Бүгүнкү күндө кандай болуп жатат?! Шаардыктар өздөрү канча театр, кайсы музейлер бар экенин билбейт. Драматургия жазылып, анан коюлушу керек. Ошол маселе болбой калды. Жазылган пьесага калем акы төлөнбөсө, театрда коюлбаса кайсы драматург жазат? Бир нерсе болсо улуу муундагы залкарларды эскерип, чыгармачылыгын мисал келтиребиз. Эл болгондон кийин жаштардын арасында мыкты таланттуулар бар. Бирок туруктуу өсө турган мамлекет таланттарды таптайт эмеспи. Менимче мурдагы маданияттын “алтын” доорунун деңгээлине жетпей атканыбыз маданиятка болгон кайдыгерлик.

Экинчиден, атак-даңк маселеси. Менин жеке түшүнүгүмдө атак-даңк деген нерсени мамлекеттик наам-сыйлыка байлап койдук. Азыр чыгармачыл адамдар сыйлыгы болсо эле атактуу экенмин деп ойлоп калды. Эч бир наам-сыйлык албай көзү өтүп кеткен залкарлар болгон, бирок аты тарыхта калды. Бүгүн наамды курут тараткансып эле таратып атат. Мунун өзү туура эмес. 90-жылдары эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков наам боюнча комиссия түзүп, ошондогу жыйынга мен да катышкам. 21-24 номинациядагы наамдар бар экен, ошону кыскартып же бириктирүү туурасында жакшы сунуштар айтылган".

"Улуттук идеологияны Ак үйдө отургандар жазбайт"

"Улуттук идеология жогору жактан жазылып таңууланбашы керек. Коомдук аң-сезимдин бир формасы катары элдин жан дүйнөсүнөн сызылып чыкканда гана элге сиңет. Рух, дух жаралат. Аны атайын Ак үйдө отургандар жазбайт.

Мен өзүмө актер катары деңгээлиме баа бергим келбейт. Биринчиден, театрды түбөлүккө сүйүүгө кудуретим жетеби? Мына ошол жөнүндө көбүрөөк ойлоном.

Биз - адамдар, бул турмушта жалаң эле көр тирилигибизди эптеп-септеп өткөрүү үчүн же болбосо, бирибиз экинчибизден өйдөрөөк болоюн, мансап күтөйүн, өзүмдөн өйдөсүнгөндөрдү буттунан тартайын, жерге бүктүшүп бараткан бирөө болсо кол сунгандын ордуна тебелеп-тепсеп кетейин, кордоюн, кор болбоюн деп гана кур намыска жетеленип жок болуп бараткандайбыз".

Асанбек Кыдырназаров

Сооронбаев өзүнүн басып өткөн өмүр жолу тууралуу жазып, азан чакырып коюлган ысымы Султангазы экенин, бир күнү атасынын славян тектүү курдашынын жубайы бала көргөнү келип, "Жер жүзүндө тынчтык болсун жаңыча ысым Замирбек деп койгула" деп, ысымы өзгөрүп кеткенин жазган.

"Ошентип бир жылдык студияда окуп, андан ары Ташкенттеги Островский атындагы театралдык окуу жайды бүтүп келип залкарлардын ордосу Кыргыз драма театрына ишке киргенимде Асанбек таякем (Асанбек Кыдырназаров) көп неоселерди айтып калаар эле. Мени жээним болот деп эч качан жар салган жок. Тек гана "түз жүр, көп оку, эмгектен" деп насаатын айтып калчу. Эмнегедир мен театрга жаңы келген жылдары таекемди көбү жаман көргөндөй сезилээр эле. Ал кишинин орой, бетке чабар кыялдары бар болчу. Тоготпос, текебер мүнөзүнөн улам жетекчилик менен көп учурларда келише албай калчу. Таекемдин айрым мүнөздөрү мага да жакчу эмес. Көрсө, балалык кылып көөдөнүндө эмне ой бар экенин сөздү учурунда шар айтып кошоматчылыкты жининдей жаман көргөн, өз позициясын бекем туткан чыныгы чыгармачыл инсан экенин баамдабаптырмын. Бир-эки жолу "таеке туура эмес кылып койдуңуз" деп айта коюп катуу кагуу жеген учур да болгон. Бир ирет театрдын жамаатынын чогулушу болуп министрликтин өкүлү да катышып, "Кыдырназаров ичет" деп театрдан кетирүү маселеси каралып калды. Ошондо улуу артист Советбек Жумадылов ордунан туруп: "Урматтуу коллегалар Кыдырназаровду чыгарып ким менен иштегени жатасыңар? Кыдырназаров "крупная фигура", ойлонгула мындай артист жүз жылда бир жаралат" деген сөзү ушу кезге чейин кулагымда угулуп турат. Мына ушундай улуу талант өз учурунда туура пайдаланылбай, эми гана алтымыштан ашканда оо, дүйнө салып кете берди. Атаганат каныбызга сүлүк курттай сүңгүп кирип сиңип калган кайдыгерлик менен көрө албастыктын айынан не бир таланттар өз убагында бааланбай көз жаздымда кала берди

Асанбек Кыдырназаровдун ар бир жараткан образын көрүп, билип калган артисттер үчүн бүгүн дагы өрнөк болуп, кайталангыс таланттын жигердүү эмгегин тамшануу менен эскерип келишет. Актердук кесиптин татаалдыгы, анын көз карандылыгында болот турбайбы. Режиссерго, жетекчиликке дегеле ошол учурдун саясатына өзүнүн кулк-мүнөзү, жүрүш-турушу жакпай канчалаган залкар таланттарыбыз көмүскөдө кала берди".

Сооронбаев 40 жылдан ашуун чыгармачылыгында көрүнүктүү каармандардын кайталангыс образдарын жаратты.

Бир нече спектаклге режиссерлук кылып, сахнага алып чыкты. Алсак, М.Тойбаев "Эрте өчкөн жылдыз", Э.Эрматов "Жаңыл мырза", Ш.Шаршеев "Чоң эненин жомогу", Ш.Шейшенов "Келгиндер", Ж.Өзүбекова "Толгоо", Б.Калчабаева "Арман", Т.Касымбеков, К.Сактанов "Курманжан", К.Иманалиев "Курманжан", К.Акматов "Азаттыгым арманым", С.Алтымышев "Таң булбулу", А.Темированын "Сынык асман".

Китепте: "Эң коркунучтуу трагедия - бул, руханий ачарчылык", "чыгармачылыктын туу чокусуна чыгууга бир өмүр жетпейт", "Реформа адегенде министрликтин өзүндө жүрүшү керек", "мага иштин жыйынтыгы эмес, иштин жүрүшү кызык", "Менин саясатым-театр", "90го андан көп жашка чыкса болот, бирок кадырман кары болуш кыйын", "Искусство-мамлекеттин жүзү, намысы" деген темалар жана өзбек драматургу Шараф Башбековдун "Темир катын" комедиясынын Сооронбаевдин кыргызча котормосу окурмандарды кайдыгер калтырбайт деген ойдомун.

З.Сооронбаевдин айтымында китепти, чыгарууга жүз миң сомдон ашуун каражатты ыйлай-сыктай үй-бүлөлүк бүджеттен чыгарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG