Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 08:38

Ашыгына айлакерлик менен жеткен Тилекмат


Илюстрациялык сүрөт.

Ашыктык сезими кишини кандай гана айла-амалдарга түртпөйт, ал жан аздегине жетиш үчүн эмнелерди ойлоп таап, кандай опурталдуу кадамдарга барбайт. Төмөндө алдамчылык жолу менен маргаландык байдын кызына үйлөнгөн Тилекмат деген кайсар жигит тууралуу баян курабыз.

Бул окуя тээ илгери, Кара-Тегин өрөөнүндө жүз бериптир. Жокчулук жону жуканы желкелеген каатчылык заман экен. Жаштайынан ата-энесинен ажырап, томолой жетим калган Тилекмат не бир азап-тозок менен бойго жетет. Жакын тууганы, жөлөп-таяры жок болгондуктан, канчалык жанын сабап иштесе да бири эки болбойт, кышын-жазын оокаттуулардын малын багат. Алардын тиричилигинен такыр башы чыкпайт. Өзүнүн жеке жашоосу, тагдыры тууралуу ойлогонго чолосу да тийбейт. Ошентип жүрүп он сегиз жашка толот.

Ошол жылы күз ортолоп калганда көптөн бери ойлоп жүргөн кыялын ишке ашыруу максатында шаардан келген соодагерлерди ээрчип, алардын малын айдашып, түштүктү карай бет алат. Бирок шаар шаар дегениң менен, шаарда да жыргаган турмушуң жок экен. Шаар дегенде не бир укмуштарды элестеткен Тилекматтын заматта үмүт-кыялынын таш талканы чыгат. Ачка калып, суукка тоңот, бейбаш балдардан бир нече жолу таяк жейт. Багы жокко – дагы жок дегендей, көрүнгөндүн жумушун кылып, эптеп жанын багат. Мына ошентип көрүнгөнгө малай болуп жүргөндө анын аракетчилдиги бир байга жагып калып, алы аны туруктуу кызматкер кылып алат. Эми ал жаңы кожоюндун чарбалык иштеринин баарын аткарат, жайкысын жайлоого алып барып жылкысын кайтарат.

Маргаландын жака белиндеги ири конуштардын бирин байырлаган Кармыш бай бу аймактагы эң дөөлөттүү кишилердин бири эле. Анын кадыр-баркы да зор болучу. Дээринен тиричиликке бүйрө, тырышчаак, айткан нерсени илгиртпей баамдаган зирек жигит Кармыш байга тез эле жагып калды. Ал анын үстүн бүтөп, курсагын тойгузду, жатарына башпаанек берди. Бирок байдын башка кызматчы жигиттериндей эле анын тиричилигинен күнү-түнү Тилекматтын колу бошободу. Кудум малай катары эле ага кызмат кылып жүрдү. Куса болуп, эли-жерин, тоолорду сагынды. Сагынганда эмне, ал жакта күтүп жаткан кишиси жок болсо кимге барат? Барганда да колунда коко тыйыны жок кантип барат? (Кармыш бий Тилекматка эмгек акы төлөчү эмес).

Тилекматка жаккан жалгыз нерсе, жайлоо маалы болучу. Жайлоого чыкканда ал жылкы кайтарып, тоо-ташты көрүп, таза аба жутуп, өзүнүн Кара-Тегининде жүргөндөй жыргап калар эле. Ат үстүндө, жылкы четинде өзүн алгыр куштай эркин сезчү. Бирок кайра тез эле күз келип, күз кышка ооп, баягы бүтпөгөн жалчы тиричилик кайталана берчү.

Тилекмат маргаландык байдын колунда төрт жылга жакын жүрүп калды. Бул аралыкта тиричиликке тың жигит байдын көңүлүнө төп келип, анын ишенимине толук кирди. Эми Кармыш бай аны кызматкер катары гана жумшабай, мааракелерге, оюн-зоок, аш-тойлорго да (Тилекмат эч кимди алдыга чыгарбаган мыкты чабандес эле) ээрчитип барып жүрдү. Соода ишине да аралаштыра баштады. Ары өжөр, ары кайраттуу жигитти колдон чыгарбай, кетирбей алып калуунун амалын ойлоду.

Кармыш байдын Алдаберди деген жалчысы боло турган. Ал бүт бүлөсү менен байдын үй жумуштарын аткарчу. Алдабердинин Күмүшай деген балагатка жеткен кызы бар эле. Кармыш бай мына ошол Күмүшайга Тилекматтын башын байлап, түбөлүк кызматчы кылып алуу тууралуу ниеттене баштады. Бирок ошол учурда Тилекматтын көкүрөк-көөдөнүндө кандай албуут бурганак, кандай каардуу бороон-чапкын жүрүп жатканын бай кайдан билсин.

Кармыш байдын экинчи токолу (үчүнчү аялы), айтылуу фарганалык сулуу Айжамалдан төрөлгөн Дүрдана деген кызы бар эле. Ал ушул жазда он жетиге толуп, кызылы кызыл, агы ак дегендей, өзгөчө ажары ачылып, кулпуруп турган кези болчу. Дүрданага жетсем деп ынтызар болгон байбачалардын, дымагы таш жарган алдуу-күчтүүлөрдүн улам саны арбып, жуучулардын аягы тыйылбай жаткан. Аялдарынын ичинен баарын артык көргөн токолунан туулган эрке кызынын көңүлүн кыя албай, келгендердин эч кимисине макулдугун бербеди. Кызы да дилинде эмне бар экендигин ачык айтпады. Күйөө болчулардын эч кимисине тийбейм деп, көгөрүп туруп алды.

Ал эми биздин жигит Тилекмат ошол күндөрү жанын коёрго жер таппай, от-жалын болуп күйүп жүрдү. Көңүлүндө Күндү самап, кыялында Айды эңсеп, ашыктык дартына чындап кабылган эле. Басса-турса Дүрдана сулуунун карааны көз алдынан кетпей, анын назик жылмайганы, ыйбаа сүйлөгөнү, илбериңки мамилеси эс-мас кылып, аз жерден акылдан ажырап кала жаздады. Мурда Тилекматты кулундай жумшап, башка бир туугандарындай эле ага текебер мамиле кылып жүргөн эрке кыз акыркы убактарда кескин өзгөргөн эле. Мунун жандырмагын таба албай каратегиндик жигиттин башы маң болду. Жан дүйнөсүнүн түпкүрүндө саксактаган ыймандай сырып эч кимге ачылып айтпады. Ата-жотосу белгисиз, тексиз томаякка Кармыш бай периштедей аруу кызын эч качан кармата койбосун билсе да, Тилекмат соолугуп калбады. Ашыктыкка ууккан чиркин жүрөк теги менен да, селсаяктыгы менен да иши болбоду.

Оро-пара келгенде кыз апкаарый түшүп, кээде таң калгандай, а кээде чочугандай бир карап өткөнү жигиттин санаасын санга, оюн онго бөлдү.

Ошондой мажнун болуп жүргөн күндөрдүн биринде ал Маргаландын чоң базарында күтпөгөн жерден кыяматтык досу Кадырга жолугуп калды. Кадыр менен бармактайдан чогуу өскөн эле. Экөө кучакташып көрүшүп, кубангандан көздөрүнө жаш келди. Кадыр бир жыл мурда ошол кездеги Кара-Тегиндин белгилүү байы, марттыгы, берешендиги менен аты алыска угулган Токторбай токсобанын (саясий титул) жигит башы болгон эле. Тилекмат ынак курбусуна дароо жүрөк дартын жарыя кылды. Ал эми Кадыр жан досуна кантип жардам берүүнүн жолун издей баштады.

Тоолуктарча кийинген, бирок үстү-башы тегин адам эмес экендигинен кабар берген мартабалуу жигит салам айтып авлисине кирип келгенде, чоң чынардын астындагы сөөрүдө жамбаштап эс алып жаткан Кармыш бай ордунан туруп, астейдил алик алды. А нарыраакта нокто түйүп жаткан Тилекмат Кадырды көргөндө кыйкырып ийип, аны көздөй чуркады. Экөө көп жылдан бери бири-бирин көрө элек жакын адамдардай кучакташып калышты. Өөп-жытташып, сыга кучакташып, көздөрүнөн жаш агып ажырабай көпкө турду. Мунун баарын байкап турган бай дагы, анын бала-чакасы да, жалчы-малайлары да эч нерсени түшүнбөй, аң-таң болушту. Акырында бай чыдабай кетип, тамагын кырынып:

- Жигиттер, эмне болуп жатат, түшүнсөм буюрбасын? – деп сурады.

- Байым, бул… бул жигит – менин агам, – деп жооп берди кардыккан үн менен Тилекмат.

- Сенин агаң?! Кантип сенин агаң? Сен… – андан бетер аң-таң болду Кармыш бай.

- Ооба, мен Тилекматтын агасымын, атым – Кадыр – токтолбостон шыр жооп кылды досу. – Төрт жылдан бери жоготуп алып издебеген жерибиз калбады. Жакында соодагерлерден кабарын угуп буякка келдик.

- Ошондо…

- Ооба, Тилекмат тектүү жердин уулу. Каратегиндин атактуу беги Кулкожахматтын кенже баласы. Үй-бүлөдө бир аз таарыныч болду эле, качып баса бериптир.

- Кулкожахмат… андай бек тууралуу укпаптырмын,- деди Кармыш бай ишеңкиребей.

Ошондо Кадыр эшикке карап:

- Ой, эмне турасыңар?! Кирбейсиңерби! – деп кыйкырганда сырттан эки куржун көтөрүнгөн эки жигит, Кадырдын "кызматкерлери" шашылыш кирип келди. Бир куржундун көзү толо кымбат баалуу аң терилери, а экинчисинде Тилекматка арналган, даражалуу кишилер кие турган кийим-кече бар эле. Муну көргөндө Кармыш байдын көзү жайнап кетти, эки досту дароо эң кадырлуу коноктор кирчү мейманканасына киргизди.

- Демек, сен тегин жигит эмес турбайсыңбы? – деп сурады Кармыш бай толкунданганын жашыра албай. – Мен башта эле сезгем, сенин жөнөкөй адам эмес экениңди сезгем...

Мурда макулдашылгандай, Биймырза "агасынан" "ата-энесин, бир туугандарын, жакындарын, кошуна-колоңдорун, жалчы-малайларын" сурап бүткөн соң, түркүн-түмөн мал-жанын сурай баштады. "Менин палан тулпарым, түкүн бууданым, күлүгүм, жоргом… барбы?" – деп "атактуу жылкыларынан" эле тогуз-онду санап өтөт. Андан кийин үйүр-үйүр жылкыларын, төөлөрүн сурамжылайт. Эң соңунда кезек короо-короо уйларга, кой-эчкилерге келет. Кадыр баары аман-эсен экенин кабарлайт, бирок кабагы бүркөлө түшүп, айтылуу карагер жорго ылаңдап өлгөнүн угузат. Муну эшиткенде Тилекмат катуу капалангандай түр көрсөтөт. Ал эми мунун баарын дым тартпай көрүп-угуп отурган Кармыш байдын көздөрү чанагынан чыга жаздап, шилекейи чууруйт. Өзү көптөп бери Кара-Тегин, Гисар, Дарваз тараптан тамыр күтүп, ошол жактарга да соодамды жайылтсам деп максат кылып жүргөн эле.

Ошентип, махабаттын айынан алдамчылыкка барган эки дос ал күнү Маргаландын белгилүү байынын үйүндө конуп, сыйын көрүшөт. Эртеси Кардыр эки "авасын" (Токтор токсобаны коштоп жүргөн кадырлуу кишилерди) ээрчитип, Дүрдана сулуунун колун сурап, жуучулукка келишет. Кармыш бай дароо эле:

- Силердей тектүү инсандар менен кудалашпаганда, ким менен кудалашмак элем, бирок кызым эмне дээр экен, – дейт сарсанаа болуп. Бөлөктөр тууралуу айтканда так түйүлүп, секирип кетчү кыз бу саам жылмайып гана тим болду. Мына ушинтип, Тилекматтын түшүнө кирбеген окуя – той башталды.

Өмүрү мынчалык чачылып-чарпылбаган Кармыш бай үч күн, үч күн той берди. Үлпөткө келгендер үчүн үч күн, үч түн оюн-күлкү, шаан-шөкөт, таң-тамаша курду.

Төртүнчү күнү каратегиндиктер келинди көчүрүп жөнөштү. Кармыш бай бу саам да атактуу Атантайды (марттыгы менен ысымы уламышка айланган адамды) эске салды. Ары сулуу, ары эрке кызын нечен төөгө жүк болгон себи менен узатты. Ошол замандагы дөөлөттүүлөрдүн салтын бузбай, күң-кулун да кошуп жөнөттү.

Той да болот, тойдун эртеси да болот дегендей, кызыктын баары тойдун эртеси башталды. Кудагыйларды, келиндин жеңелерин, төө, ат жетелеген кызматчы жигиттерди узаткандан кийин, Тилекмат келинчегине:

- Жүр эми, өз үйүбүзгө баралы, – деди.

Дүрдана эч нерсени түшүнбөй, аң-таң болуп:

- Бул эмне, сиздин үйүңүз эмеспи? – деп сурады.

- Жок, бул үй менин үйүм эмес, бул Кара-Тегиндин атактуу байы Токтор токсобанын тун уулунун үйү, биздин үй бөлөк, – деп жооп берди жигит күнөөлүүдөй жер карап.

Үй деген эле аты болбосо, эшик-терезеси жок, кароосуз калган жепирейген жаман тамды көргөндө кыз ишенбей:

- Тамашаңызды койсоңузчу, ушул кантип сиздин үй болсун, мунуңуз үй эмей эле, малкана го! – деди. Ошондо Тилекмат чөк тизелеп отура калып, көзүн жаштап, болгон окуянын баарын төкпөй-чачпай айтып берди. Мунун баарын досу Кадыр Токтор токсобанын жардамында кантип уюштурганын кеп кылды. Сүйүүнүн айынан ушундай тобокел ишке барганы үчүн кайра-кайра кечирим сурады.

Тилекматтын айткандары чын экенине көзү жеткенде Дүрдана өң-алеттен кетти, катуу чаңырып жиберди. Жүзүн басып, көпкө чейин солкулдап ыйлады. Кийин башын көтөрүп, Тилекматка тике карап:

- Кайсар, накта кайсар жигит экенсиз! Ушундай кайсарлыгыңыз үчүн шордуу башым сизди жактырбадымбы! – деди ыйламсырап.

Айтымдарына караганда, дээринен ар-намыстуу жигит Тилекмат бир-эки жылда мал-жан күтүп, тез эле тиричилигин оңдоптур. Жакын досу Кадыр да, Токтор токсоба да кол кабыш кылган окшойт. Анүстүнө кайнатасы Кармыш байдын үйүндө жүргөндө көргөн-билгендери, үйрөнгөндөрүнүн да пайдасы тийгендиги анык. Ал эми сүйүп алган өмүрлүк жубайы Дүрдана ажары менен эле эмес, акыл-эси, сарамжалдуулугу, тазалыгы менен да элге алынган экен.

Аким Кожоев.

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG