Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Казыбек казалчыны актоого Айтматов жол ачкан


Казыбек казалчынын эстелиги.
Казыбек казалчынын эстелиги.

Кыргыз элинин тарыхындагы баскан жолу толук изилденбей келе жаткан "Казалчы" атыккан чыгаан инсан таланттардын бири - Казыбек Мамбетимин уулу. Анын ата-теги, орошон таланты, бай-манап тукуму катары Оренбургга аргасыз журт которуусу, антисоветтик ырлары үчүн Кытайдагы качкын турмуш, абактагы күндөрү ХХ кылымдын отузунчу жылдарындагы кыргыз элинин коогалуу тарыхына байланыштуу.

Казыбек манаптын уулу экенин жашырган эмес

Казыбек Мамбетимин уулу 1901-жылы Ат-Башы районундагы Жаңы-Күч кыштагына жамаатташ Чет-Келтебек деген жерде Ноорузбай уулу Мамбетиминдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Черик уруусунан чыккан, орто чарбалуу, ырчылык өнөрү бар, санжырачы, сөзгө чечен Ноорузбай жамы журтка таанымал болбосо да бир айылга кадыры өткөн, таасирлүү адам болгон экен.

Казалчынын өз атасы Күчүк көптүн бири катары жармач турмушта күн кечирген. Атасы Ноорузбайды жакшы тааныган Шабдан баатырдын жардамы менен алгач үч жыл болушка катчы болуп иштеп, кийин бий болуп шайланат.

Күчүк эл бийлей баштагандан кийин ак боз бээ союп, азан чакыртып, ысымын Мамбетимин деп өзгөртөт.

Араб тилинен которгондо, Мамбет – Мухаммед, имин-ибн – баласы же “Мукамбеттин баласы” дегенди түшүндүрөт экен. Мамбетимин атактуу манаптар менен аралашып, кыял-жорук күтүп тың чыгат. Тогуз жыл эл башкарган Мамбетиминдин атагы түштүк тарапка чейин угулуп, калкка кадыры өткөн дөөлөттүү-сөөлөттүү адам болуп чыгат.

Казыбек Мамбетимин уулу өз тагдырлаштарынан айырмаланып мына ушул манаптык тегин жашырган эмес, ал тургай казалдарында кашкайта белгилеген.

Өзүнө тиешелүү каада-салты, маданият, оозеки адабияты бар кыргыздын жашоосу ХIХ кылымда кыйла өзгөрүп, эл кыйын күндөрдү баштан кечирген.

Казыбек саясий-экономикалык жактан орус падышачылыгына көз каранды болуп, кыргыздардын коомдук-саясий турмушунда уруучулук, көчмөн жашоодогу бытырандычылык, уруулар ортосундагы тиреш күчөп, эл билимден, кат-сабаттан кабарсыз доордо жарыкка келип, эр жеткен.

Ошол мезгилде сабаты ачылган саналуу жаштардын бири болгон. 1912-18-жылдары Бухарада медреседе окуганы айтылат. Дагы бир такталбаган маалыматта 1918-21-жылдары Санкт-Петербургда окуганы жазылган. 1921-24-жылдары айылда мугалимдик кылган деген маалыматтар да бар.

Мамбетимин жалгыз уулу Казыбектин өнөрлүү экенин байкаганы менен анын ырчы болушуна караманча каршы чыгып, тыюу салган. Бирок шибегени капка ката албагандай эле Кеңеш бийлиги орногондо анын чыгармачылыгы акырындап ачыла баштаган.

Акындын төрт жолу турмуш курушу

Акын өзүнүн кыска өмүрүндө төрт жолу турмуш курган. Биринчи жубайы Маалымбү Чет-Келтебиктен. Казыбек ага атасынын кыстоосу менен үйлөнүп, кийин жактырбай кетирип жиберген экен.

Экинчи аялы - Зуура Койчуман аттуу ажынын кызы болгон. Мамбетимин бул келинин өзү куда түшүп алып берген. Келин эки жылдан кийин төрөттөн ымыркайы менен кошо каза табат.

Үчүнчү жубайы - Турду карабостон уруусунан болгон. Күйөөсү өлгөндөн кийин Казыбекке тийип, Сакадай аттуу кыз төрөгөн. Төрөттөн кийин төөнүн сүтүн чайга кошуп ичип жүрүп желгабыз алып, көз жумган. Сакадай экиге чыкканда чарчап калган.

Төртүнчү жубайы Зуурабү апа акталаалык айтылуу Жанболот баатырдын чөбөрөсү Нурмамбеттин кызы болгон. 1925-жылы жайдын толук кезинде Казыбектин атасы Мамбетимин менен Зуурабүнүн атасы Нурмамбет кудалашып, оюн-зоок, үлпөт менен Казыбек акын жубайын Ат-Башыга алып кетет.

Казалчы Зуурабү апага үйлөнгөндөн жыл айланбай 1926-жылы мартта уулдуу болуп атын Насыр коёт. Бирок акындын кубанычы көпкө созулбайт. Уулу экиден үчкө караганда чарчап калат.

Андан кийин Таажыгүл аттуу кыздуу болуп, ал дагы алтыга чыкканда чечек оорусунан чарчайт. 1931-жылы Кытайдын Корумду деген жеринде төрөлгөн Айша деген кызын аталаш агасы Белек багып алып, ал да чарчап калган. Тагдырдын ушундай буйругу менен акындын артында туяк калган эмес.

Оренбургга журт которуу, сүргүндөгү казалдар

1929-жылы 4-февралда Кыргыз АССР БАК жана Эл Комиссарлар кеңеши Нарын, Каракол, Талас кантондорунда жана Ош округундагы өздөрүнүн мүлктүк жана коомдук таасири аркылуу айылды ирилештирүүгө жолтоо болгон өтө бай 44 кишини көчүрүү боюнча токтом чыгарган.

Токтомдо бай-манаптарга антисоветтик үгүттөө, уруулар ортосундагы чатакты күчөтүү, республиканын экономикалык, маданий өнүгүүсүнө тоскоол кылуу сыяктуу күнөөлөр тагылат. Көчүрүлө тургандардын тизмесинде белгиленген 44 киши үч жылга соттолуп, Орусиянын Оренбург округуна сүргүнгө айдалышкан.

Алардын арасында ошол мезгилде таасирлүү адам катары таанылган Казыбек Мамбетимин уулу да бар эле.

Кечээ эле ташкындаган таланты менен эл чогулган топто обон созуп, калк кадырына татыган Казыбек советтик идеологиянын репрессиячыл саясатынын тузагына чалынып, айдалып баратканда каңырыгы түтөп мындай деп ыр жазат:

Кемессия биз үчүн,
Келген экен камданып.
Салынуу сарай, тамды алып,
Санап туруп малды алып.
Убайын көрбөй биз кеттик,
Эмгексиз күткөн малдарбы.

-“Чатыраган үч килейген боз үй, бүтүндөй ички жасалгасы, үч аялдын (кайнатамдын эки аялы, анан мен) зымпоочтогон укмуштуу ээр-токум, не бир кулпунган шырдактар, эки чоң самоор, эки жез аптаба, деги койчу көзгө көрүнгөндөн эч нерсе калтырышпады. Аял эмеспизби, кичи кайненем экөөбүз көргөн көзүбүзгө ишенбей ыйладык. Ажар (Казыбектин энеси, улуу кайненем) таягы менен жазгап, “жаман ыроо баштабагылачы, Мамбетимин менен Казыбектин башы аман болсун!”-деди. Сооронуп калдык” , – деп эскерген акындын жубайы Зуурабү апа.

Калининге кат

Бөтөн жерге жайгаштырылган кыргыздар экономикалык көйгөйлүү маселелерге кабылгандыгы алардын Оренбург шаарынан 1929-жылдын 13-июнунда ошол кездеги СССР БАКтын төрагасы М.Калининге жолдошкон 189 кишинин атынан жазылган коллективдүү арызынан ачык көрүнөт.

Катта конфискацияланып, сүргүнгө айдалган кыргыздар Оренбургда өтө оор, айласыз абалда калышканы баяндалган. Каттын аягында Оренбургга айдалган кыргыздар мекенге кайтууну, болбосо Казакстандын мал чарбачылык райондоруна, мисалы, Алма-Ата, Олуя-Ата эч болбоду дегенде Чымкентке келип жашоого же Өзбекстандын айыл чарба райондоруна көчүп келүүгө уруксат берүүнү өтүнүшкөн.

Кат Оренбург шаарындагы Мало-Ленинской көчөсү №107 үйүндө жашаган Егенбердинов Кангелдиге жана Оренбург шаарындагы Кызыл армия көчөсүнүн №100 үйүнүн жашоочулары белгилүү казалчы Казыбек Мамбетимин уулу баштаган бир нече адамга тийиштүү.

Калининге жазылган кат.
Калининге жазылган кат.

Сүргүнгө көчүрүлгөндөрдүн ичинен Юсуп, Иса Кангелдиновдор, Черик Байгазиев, Казыбек Мамбетеминов, Өскөнбай Дордоев, Садыр жана Алсеит Чынгышевдер, Суванбек Кенбаев, Амиргазы Чекиров, Каргылбай Маткасымовдор катка кол коюшкан.

Кулактарга карата куугунтук күчөп жаткан ошол 30-жылдын ортосунда Кангелдиевдин катынын пайдасы тийдиби же кулактарды кыскартуунун айласы болдубу, айтор Оренбургга айдалгандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө мунапыс берилген.

Казыбек 1930-жылы май айында аялы Зуурабү, кызы менен бошонуп келет. Атасы Мамбетимин, Шабдандын балдары Орунбордо калып, 1932-жылы гана бошотулат.

Акчубак көтөрүлүшү, чериктер козголоңу

Казыбек акын Оренбургдан 1930-жылы май айында бошоп, Акий деген таякесиникине каралап Ак-Талаага келет. Учурдун талабын түшүнгөн Казыбек мектеп ачып, бала окута баштайт. Ошондой күндөрдүн биринде Казыбектин башына кайрадан кара булут айланып, жалган жалаа менен Нарындын түрмөсүнө кесилет. Туугандары Ак-Талаага барса үч ай жатып түрмөдөн бошоп калган экен, үй-бүлөсү менен Ат-Башыга көчүрүп келишет.

Бирок ошол мезгилде эл ичи тынч эмес болгон. 1931-жылдын жаз айларынан тартып чек арага жакын райондордо коллективдештирүүгө каршы басмачылык кыймылдар түзүлүп, эмиграциянын толкуну күч ала баштаган.

1931-жылы Ат-Башы районунда черик уруусунун негизинен акчубак тукумундагылар катышкан көтөрүлүш болгон.

Айрым чек арачылардын шовинисттик мамилесине, совет бийлигинин кулакка тартуу, мал-мүлктү ортолоштуруу саясатына нааразы болгон жергиликтүүлөр "Ак-Бейит" заставасынын начальнигин өлтүрүшкөн.

Чек арачылар артынан түшүп, көтөрүлүшчүлөрдү аёосуз кырган, айрымдары Кытайга кире качып кутулган. Бул эл оозунда азыркыга чейин “Ат-Башы козголоңу”, “Ак-Туунун көтөрүлүшү”, “Ак-Чубак көтөрүлүшү”, “Чериктердин көтөрүлүшү” деген аталыш менен айтылып жүрөт. Кытайга качкандардын арасында Казыбек казалчы да болгон.

Кытайдан кайтып келүү жана репрессия

Башкелтебек аркылуу качкан Абдылдабек, Кулчун, Казыбек түндөп жол жүрүп отуруп Кашкардын Корумду аттуу жериндеги Акбагыш элине барып туруп калышат.

Кызылсуулук атактуу Жусуп Мамай манасчыбыз 1992-жылы Нарынга келгенде Казыбек жөнүндө эскерип, буларга токтолгон:

“Казыбек агам Балбайдыкында “Манас” жана башка эпосторду жаздырып калуу үчүн эки-үч жыл жүрүп калды. Казыбек ошол жылдары жөн эле кара курсактын айынан эмес, агам Балбайдын кат-сабаттуу болгонуна байланыштуу көкүрөктөгү ыр түрмөктөрүн, андан сырткары элдик эпостордон билгендерин жазып алуу үчүн далалат кылып жүрдү”.

Ошентип Казыбек казалчы Кытай жеринде жүргөндө да бай мурасыбызды толуктоо катарында эпосторубузду чогулткан. Аны менен бирге эркиндикти эңсеген ырларын жазган. Буга “Ала-Тоонун жаратылышы”, “Эл жөнүндө”, “Кыргыздын салты тууралуу”, “Сагынып жазган салам кат” аттуу эл-жерди даңазалаган, теңдикти көксөгөн ырлары күбө.

Казыбек Кытай жергесине качып барган калган кыргыздар менен кошо туулган жерине кайтып, чек арадан жашыруун өтө турган болгондо колго түшкөн.

Казыбектин жубайы Зуурабү апанын айтымында, күйөөсү 1934-жылдын июль-август айларында камакка алынган.

Ошентип казалчы 10 жылга соттолот да, Казакстандын Караганды облусундагы эмгек түзөтүү лагерине жеткирилет. Такталбаган маалыматтар боюнча анда жүргөндө советтик түзүмдү мактап ыр жазат.

Беш жылды кечирим кылып, 1939-жылы акынды Алматыга алып келип, Казакстан искусствого орун басар баштык кылып дайындашат. Ал жерде да көп чыгармаларды жазган экен. Бирок, ырлар Казыбектин наамынан эмес «Өмөк» деген каймана ат менен жарыяланып турган. 1942-жылы Казыбек өпкө кагыны менен ооруп, 40 жашында дүйнөдөн кайтат.

Тилекке каршы Казыбектин өмүрүнүн акыркы күндөрү тууралуу маалыматтар так эмес. Биринде кеңеш бийлигин, Октябрь революциясын мактаган ырларынын аркасы менен түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, Өзгөндүн Мырзакесине жеткенде каза болгон десе, айрымдарында түрмөнүн ооруканасында жан бергени жазылган.

Казыбекчилердин куугунтукталышы

Казыбектин советтик системага, аны түзгөн большевиктерге нааразы болгон ырлары айрыкча өткөн кылымдын 80-жылдары эл арасына кеңири жайыла баштаган.

Тыюу салынганына карабай аш-тойлордо, үлпөттөрдө Казыбектин ырлары ырдалып, кол жазма түрүндө көчүрүлүп, магнитофонго жаздырып коюшкан. Айрым адамдар Казыбектин атын атагандан коркуп, сурагандарга «бул ыр элдики» деп жооп беришкен.

1987-жылы февралда республикалык партиялык активдин чогулушу болуп, Казыбек советтик түзүлүштүн ашынган душманы катары бааланып, "улутчулдуктун уусуна чыланган ырлары" калк арасында тарап кеткени баса белгиленген.

Ал жөнүндө «Советтик Кыргызстан» гезитинин 1987-жылдын май айындагы санына «Бакыбат дабыштар, жансыз жаңырыктар» деген темадагы көлөмдүү макала Кыргыз ССР Илимдер академиясынын ал кездеги сектор башчысы, айтылуу адабиятчы Салижан Жигитовдун авторлугу менен чыккан.

Андан көп өтпөй 1987-жылы 28-майда «К.Мамбетиминовдун идеялык кемчилиги бар ырларынын калк арасында таратылыш фактылары жөнүндө» Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Бюросунун токтому чыгат.

Казыбек казалчы жана Айтматов

Токтомдогу "1981-1982-жылдары Ак-Талаа, Ат-Башы райондорунда Казыбектин ырларын айтып жүргөн фактылар табылган" деген окуянын негизги күбөлөрү Казыбекчи, санжырачы, менин атам Рыскулбек Байдилде уулу менен заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов болгон.

1982-жылы 1-январда кечки саат тогузда жарым сааттык «Эл ичи-өнөр кенчи» аттуу телеберүүдө Казыбектин казалдары айтылган.

Биз Совет доорундагы казыбекчилерди куугунтуктоонун чоң толкунунун башталышы мына ушул телеберүүдөн кийин, Казыбектин казалдарын дүйнөгө таанымал жазуучу Чыңгыз Айтматов өзү суроо салып, айылдык санжырачы, казыбекчи аркылуу анын мурастарын ачыктан-ачык элге тааныштырганда башталган десек эч жаңылбайбыз.

Көрсөтүүнүн аягында жазуучу «Сиз Казыбек, анын казалдары, деги эле оозеки адабиятыбыз тууралуу кызык, баалуу кеп козгоп бердиңиз. Өзүңүздүн дагы жазып жүргөндөрүңүз бардыр. Биздин «Ала-Тоо» журналына басалы, алып келиңиз», - деп айткан.

Казыбекчи Рыскулбек Байдилде уулу жана жазуучу Чыңгыз Айтматов. 1982-жыл.
Казыбекчи Рыскулбек Байдилде уулу жана жазуучу Чыңгыз Айтматов. 1982-жыл.

Чыңгыз Айтматовдун көмөгү менен санжырачы, казыбекчи Рыскулбек Байдилде уулунун айтуусунда Казыбектин казалдарынын теле аркылуу жалпы элге жарыя болушу Совет доорунда эле Казыбектин ырлары бааланып, аны актагандыктын белгиси катары бааласак болот. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов алп жүрөгү менен эртели-кеч акындын мурастары элге жетерин сезсе керек.

Эгемендиктин алгачкы жылдары Пограничник айылына Казыбектин аты коюлуп, Нарын шаарында анын эстелиги ачылып, элдик уул, меценат, ошол убактагы Нарын облусунун губернатору Аскар Салымбеков тарабынан акындын жүз жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленген.

Жакында эле Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан Казыбек казалчынын мыйзамдуу акталгандыгы тууралуу кабарды «Азаттыктан» окудук. Бул дагы болсо, «Жакшынын айткан сөзү, жасаган иши өлбөйт» деген кыргыздын акылман кебинин далили.

Жумагул Байдилдeев, тарых илимдеринин кандидаты, доцент

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG