Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:40

Жогорку сот Казыбек казалчыны актаган чечим чыгарды


Сүрөт "Маданият. Тарых. Тил. КТРК" каналынын YouTube баракчасынан алынды.
Сүрөт "Маданият. Тарых. Тил. КТРК" каналынын YouTube баракчасынан алынды.

Өткөн кылымдын башында Казыбек казалчы деген ат менен таанылган акын Казыбек Мамбетимин уулу реабилитация болду. Тарыхый инсанга реабилитация укугун берүү тууралуу чечимди Жогорку сот бүгүн, 16-февралда чыгарды.

Мекеменин маалыматына караганда, Казыбек Мамбетимин уулунун ишин жаңы жагдайларга байланыштуу кайра кароо тууралуу өтүнүч менен Башкы прокуратура кайрылган.

Натыйжада ал өтүнүч канааттандырылып, СССРдин Аскердик трибуналынын жана Жогорку сотунун өкүмдөрү жокко чыгарылды.

Реабилитациялоо маселесин дээрлик он жылдан бери көтөрүп келген демилгечи топтун жетекчиси, ырчы Токтобек Асаналиев “Азаттыкка” буларды билдирди:

“Жалпы маданият чөйрөсүнүн, Ат-Башы элинин атынан ар бир айыл аксакалы, манасчы-акындар кол топтоп, колдоп жазып беришкен. Быйыл Казыбек казалчынын 120 жылдыгы. Бул датаны мамлекеттик деңгээлде өткөрүү үчүн реабилитация болсун, акталсын жана ал тууралуу материалдардан “купуялык грифи” алынсын деп арыз жазып кайрылганбыз. Кийинки аракетибиз да жакшы болоруна ишенебиз. Себеби, ал кишинин сүрөтү да жок, аны алыш керек, чыгармачылыгын, агартуу жана илим чөйрөсүндөгү эмгегин Кыргызстанга жайылтуу зарыл. Айтыш өткөрөлү деген планыбыз да бар”.

Жазма булактарга таянсак, казалчы Казыбек Мамбетемин уулу, 1901-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Четкелтебек жайлоосунда туулган, каза болгон жылы белгисиз. Жаш кезинде молдодон окуп, жаза билген. 1929-жылы бай-манаптын өкүлү катары кулакка тартылып (атасы менен бирге), Орусиянын Оренбург шаарына айдалган. 1931-жылы бошотулган. Ошол эле жылы Кытай тарапка качкан. 1934-жылы Кытайдан кайра Кыргызстанга өтүп келе жатканда кармалып, атууга өкүм кылынган, бирок өкүм 10 жылдык түрмө менен алмаштырылган. 1936-жылга чейин түрмөдө болгон.

Казыбек Мамбетемин уулунун казалдарынын көркөмдүгү жана тарбиялык мааниси жогору болуп, ошол учурдагы элдин турмушун таасын чагылдырган. Айрыкча анын сүргүндө жүргөндөгү «Орунбордон каты» элге кеңири тараган.

Казалдары 1990-жылдан кийин гана жарык көрө баштаган. Кол жазмалары сакталбай калган.

Казыбек Мамбетемин уулунун ысымы өзү туулган айылга жана Ат-Башы айылындагы орто мектепке берилген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG