Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:01

Канболот Тутуев Нарын шаарынын мэри болуп дайындалды


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Канболот Тутуев Нарын шаарынын мэри болуп дайындалды. Тийиштүү тескемеге мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин Жаныш Курбанов эки ай иштегенден кийин, февралдын башында Нарын шаарынын мэри кызматынан кеткен. Президенттин басма сөз кызматы Курбанов өзүнүн берген арызынын негизинде кызматтан бошотулганын билдирген.

Нарын шаарынын мурдагы мэри Самарбек Болотбеков өткөн жылы сентябрь айында өз арызы менен кызматтан кеткен. Ал Нарын шаарына мэр болуп 2021-жылы июнь айында шайланган. Болотбеков “Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Руслан Чойбеков 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо 300 миң доллар алган” деп тергелип жаткан иштин алкагында шектүү катары камакка алынып, кийин бошотулган.

Былтыр октябрь айында Нарын шаардык кеңеши мэр кылып Арсланбек Сталбек уулун шайлаган. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы шаар мэрлерин президент дайындайт деген мыйзамдын күчүнө киргендигине байланыштуу ал шайлоону жокко чыгарган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG