Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

Нарын шаарынын мэри кызматтан кетерин жарыялады


Самарбек Болотбеков
Самарбек Болотбеков

Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков "Фейсбуктагы" баракчасына ээлеген кызмат ордунан кетип жатканын 28-сентябрда жарыялады.

"Сиздердин ишенимиңиздерге терең ыраазычылык билдирем. Аз болсо да, үч ай ичинде болгон күч аракетимди Нарын шаарынын жашоосун ыңгайлуу болушуна колуман келген аракетимди жумшадым. 100 күндүк ишим тууралуу отчет тапшырдым. Тилекке каршы, акыркы жагдайга карата моралдык тараптан кызматымда калуу туура эмес деп ойлойм", - деп жазды ал.

Болотбеков “Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Руслан Чойбеков 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо 300 миң доллар алган” деп тергелип жаткан иштин алкагында 18-сентябрда шектүү катары камакка алынган.

20-сентябрда Башкы прокуратуранын прокурорунун өтүнүчү менен тышка чыкпоо жөнүндөгү тилкаттын негизинде камактан бошотулган.

Болотбеков Нарын шаарына мэр болуп быйыл июнь айында дайындалган. (BCh)

XS
SM
MD
LG