Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:39

Аида Исмаилова Түштүк Кореяга элчи болуп дайындалды


Аида Исмаилова.
Аида Исмаилова.

Мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова Кыргызстандын Түштүк Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров 16-февралда кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

46 жаштагы Аида Исмаилова Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөттө социалдык маселелер боюнча вице-премьер болуп 2020-жылдын апрелинен августуна чейин иштеген. Коронавирус пандемиясына даярдык көрүүдөгү ызы-чуудан улам кызматын убактылуу тапшырган.

Кийин «Биримдик» партиясынын тизмесинде парламенттик шайлоого катышкан. Октябрь окуяларынан кийинки бийлик алмашууда өкмөт курамына кирбей калган.

Буга чейин Түштүк Кореядагы элчилик кызматты Динара Кемелова аркалаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG