Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Сегизбаевдин камак мөөнөтү 20-майга чейин узарганы маалым болду


Абдил Сегизбаев. Архивдик сүрөт.
Абдил Сегизбаев. Архивдик сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин камактагы мөөнөтү 20-майга чейин узартылганын 28-мартта “Азаттык” радиосуна Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди. Сот УКМКнын Тергөө кызматынын Сегизбаевдин бөгөт чарасынын мөөнөтүн 20-майга чейин узартуу тууралуу өтүнүчүн 18-мартта карап, канааттандырганы кабарланды.

Сегизбаевден залал шишик илдети аныкталганын, ал жүрөк оорусунан да жабыркап келерин, бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен сотко арыз жазууга даярданып жатышканын “Азаттыкка” адвокаты Кайсын Абакиров 25-мартта билдирген.

Атайын кызматты мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда 2016-2018-жылдарда жетектеген Абдил Сегизбаев 2021-жылы 25-январда “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” деген айыптын негизинде 2016-жылдагы “Белизгейт” окуясына байланыштуу арыздын негизинде кармалган. Мындан тышкары ага карата жалпысынан кызматтык батирлерди, бюджеттик акчаны бөлүштүрүүгө, жер тилкелерине, энчилүү курал менен сыйлоого байланыштуу иштер да тергелип жатканын Башкы прокуратура 2021-жылдын 11-февралда кабарлаган.

2021-жылы сентябрда Сегизбаев УКМКнын алдындагы ооруканага жаткырылып, себеби айтылган эмес.

2021-жылы ал президенттик шайлоого катышып, үгүт өнөктүгү учурунда ошол кездеги атаандашы, азыркы мамлекет башчы Садыр Жапаровду кескин сындап чыккан.

Камакка алынар алдында Сегизбаев ага карата козголгон иштерди “саясий өч алуу” деп атаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG