Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Чехия орус олигархтарынын миллиондогон долларын камакка алды


Чехиянын өкмөт башчысы Петр Фиала.
Чехиянын өкмөт башчысы Петр Фиала.

Чехия санкциялык тизмеге кирген орусиялык олигархтарга таандык миллиондогон долларды камакка алды. Бул тууралуу премьер-министр Петр Фиала улуттук каналга курган маегинде билдирди. Ал капиталы камакка алынгандар кимдер экенин так айткан жок.

Фиала ошондой эле орус жарандарына тиешелүү компанияларда иштеген чех жарандарына камкордук көрүлөрүн айтты. Буга чейин Евробиримдикке мүчө бар катар мамлекеттер орусиялык олигархтардын байлыгын камакка алышкан.

Кошмо Штаттар, Евробиримдик, Жапония жана башка ондогон мамлекеттер Орусия Украинага согуш ачканы үчүн Москвага олуттуу санкция киргизген. Италия орусиялык магнаттардын 800 миллион евросун, Нидерланддын бийлиги 200 миллион евродой орусиялык активдерди камакка алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG