Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:54

Адвокат Токтакунов аны кармоо учурунда күч колдонулганын билдирди


Нурбек Токтакунов. 2022-жылдын 28-марты.
Нурбек Токтакунов. 2022-жылдын 28-марты.

Адвокат Нурбек Токтакунов камакка алынгандан бери алгачкы жолу бүгүн, 28-мартта журналисттерге жолукту. Бишкек шаардык сотунда иши каралар алдында “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып Токтакунов өзүн кармоо учурунда күч колдонулганын билдирди.

Ал эми милициянын убактылуу кармоочу жайында эч кандай басым болбогонун айтты:

“Абакта милиция кызматкерлеринен эч кандай басым, кысым болгон жок. Болгону, мени кармаганы барышканда Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыктын кызматкерлери күч колдонушкан. Мени, жарандык активистти эмне үчүн ушинтип кармашат? Аймактык милиционер телефон чалган, мен адвокатымды күтүп, өзүм барайын деп жаткам ал күнү. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшкөн адамдар түнү менен мен үчүн жүрүштү. Башка иши жокпу?".

Күч колдонулганы тууралуу бул билдирүү боюнча тийиштүү органдар азырынча комментарий бере элек.

Биринчи май райондук соту 24-мартта Токтакуновду судьяларды тилдеген деген негизде беш суткага камоо тууралуу чечим чыгарган. Ал сот залынан райондук милициянын бөлүмүнө жеткирилип, кайра бошотулган. Ал эми 25-мартта кармалган.

Токтакунов өткөн аптада Орусиянын элчилигинин алдына Украинадагы согушту токтотуу талабы менен пикетке чыккан укук коргоочуларга жактоочу болгон. Ал элчиликтин алдында акция өткөрүүгө тыюу салган чечим мыйзамсыз, Конституцияга каршы келерин айтып, сотторду сынга алган.

Бейбаштыкка айыпталып беш суткага камакка алынган адвокат убактылуу кармоо жайында эч кандай шарт жок экенин 26-мартта билдирген.

Биринчи май райондук сотунун Токтакуновду беш суткага камоо тууралуу чечимине каршы арыз бүгүн шаардык сотто каралганы жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG