Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:09

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу Орусияда сайттарынын жабылышын сындады


"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай Орусияда Борбор Азия кызматтарынын орус тилиндеги сайттарынын жабылышын сындады.

Роскомнадзор мекемеси радионун казак, тажик жана түркмөн кызматтарынын орус тилиндеги сайттарын тыюу салынган веб-баракчалардын тизмесине 26-мартта кошту.

Флай 28-мартта тараткан билдирүүсүндө радионун орус тилдүү сайттары Борбор Азия чөлкөмүндөгүлөргө жана Орусияда иштеп жүргөн борбор азиялыктарга маалыматты, жаңылыктарды жеткирүүдө маанилүү роль ойной турганы айтылат.

"Эми Кремл Украинадагы согуш тууралуу көз карандысыз маалыматтарды цензурага алуу аракетин көрүп жатат. Биз өз маалыматтарыбызды чектебейбиз жана 27 тилде өз аудиториябызга чындыкты жеткирүү аракетин көрүүнү улантабыз", -деди Флай.

Буга чейин Роскомнадзор Орусияда же орус тилинде иш алып барган "Медиазона" сыяктуу бир катар көз карандысыз маалымат каражаттарынын сайттарын жапкан. Алардын арасында "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун бир нече редакцияларынын, Би-Би-Си корпорациясынын орус кызматынын веб-сайттары да бар.

Орусия армиясы 24-февралда Украинага кол салгандан бери орус бийлиги маалымат каражаттарына көзөмөлдү ого бетер күчөткөн жана журналисттерди Украинадагы согушту "аскердик операция" деп атоого милдеттендирген. Ошондой эле Мамлекеттик Дума медиа каражаттарынын ишин чектеген бир катар мыйзамдарды кабыл алган. Ага ылайык, Орусияда армия, дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана мамлекеттик органдар тууралуу "жалган маалымат" тараткандар кылмыш жообуна тартылат.

Мындай талаптардан улам CNN, Bloomberg, CBS сыяктуу бир катар эл аралык маалымат каражаттары Орусиядагы ишин токтоткон. Орус бийлиги Инстаграм сыяктуу айрым социалдык тармактарга да өз аймагында тыюу салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG