Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

7-апрелде Кыргызстанда дем алыш күн болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 7-апрель быйыл да дем алыш күн болот. Бул тууралуу 28-мартта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

7-апрелди 2010-жылдагы Апрель окуясынын курмандыктарын эскерүүнүн урматына дем алыш күн деп жарыялоо тууралуу мыйзамга ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылы кол койгон. Өлкөнү 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев бир нече айып боюнча 2019-жылдан бери камакта отурат.

2021-жылдын 24-декабрында өкмөттүн кеңешмесинде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылы майрамдардын көптүгүнө байланыштуу 23-февралдын, 7-апрелдин жана 8-ноябрдын макамын кайрадан карап чыгуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюу маселеси каралып жатканын билдирген.

2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы чыккан элге ок атылып, 90дой демонстрант каза болгон. Бакиев бийликтен кулатылып, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG