Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:17

"Манас" эпосуна арналган сайттын бет ачары өтүп жатат


"Манас" эпосуна арналган сайттын бет ачары.
"Манас" эпосуна арналган сайттын бет ачары.

Бүгүн, 28-мартта Бишкекте жайгашкан Борбор Азия Америка Университетинде (БААУ) "Манас" эпосуна арналган сайттын бет ачары өтүп жатат.

Сайт эпоско байланыштуу бардык маалыматтарды бир платформага топтоону көздөйт.

Бир жыл ичинде түзүлгөн сайт БААУнун жана Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Адабият жана көркөм өнөр таануу институтунун биргелешкен долбоору.

Иш-чарага Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев, Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Осмон Тогусаков , БААУнун президенти Жонатан Беккер жана манасчылар, окутуучулар, студенттер катышууда. (NbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG