Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

Путин «дос эмес өлкөлөрдөн» газ үчүн акыны рубль менен алууну тапшырды


Орусиянын президенти Владимир Путин Борбордук банкка, өкмөткө жана «Газпромго» «дос эмес мамлекеттерден» газ үчүн акыны орус акчасы рубль менен алууну караган документтерди 31-мартка чейин даярдоону тапшырды.

"Биз газды бекер берүүнү көздөбөйбүз. Бул - турган иш",-деп Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков 28-мартта билдирди.

Ушул эле күнү Германиянын энергетика министри Роберт Хабек «Чоң жетиге» кирген кубаттуу мамлекеттер Орусиянын бул талабын четке кагарын билдирди. Анын айтымында, Франция, Германия, Италия, Жапония, АКШ, Британия жана Канаданын расмий адамдары 25-мартта жолугуп, бул боюнча өз позициясын бөлүшкөн.

Эгер Европа мамлекеттери газды рубль менен сатып алышса, орус акчасынын наркы көтөрүлмөк.

Евробиримдик орус газынын импортун быйыл үчтөн экиге кыскартып, 2027-жылга чейин толук баш тартууну көздөп келет. АКШ быйыл шаркетке 15 миллиард куб метр газ жеткирүүнүн үстүндө иштеп жатканын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG