Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

ӨКМ: Төрт миңдей адам кооптуу жерлерде жашап жатат


ӨКМ жыйыны. 2022-жылдын 28-марты.
ӨКМ жыйыны. 2022-жылдын 28-марты.

Учурда Кыргызстанда жаратылыш кырсыгы болушу ыктымал кооптуу аймактарда 4 миңден ашуун адам, 3 миңдей турак үй бар. Бул тууралуу бүгүн 28-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде кезектеги аппараттык кеңешмеде айтылганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Министр Бообек Ажикеев сел, жер көчкү, суу ташкыны жана өрт пайда болушу ыктымал жерлерде кырсыкты алдын алуу үчүн эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү талап кылды.

Өзгөчө кооптуу аймакта жашагандарды көчүрүүдө жергиликтүү бийлик калк менен тыгыз иштөөсү керектиги айтылды.

Кыргызстандын көпчүлүгү тоолуу аймакта жайгашкандыктан сел, көчкү сыяктуу жаратылыш кырсыктары катталып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG