Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:36

Акылбек Жапаров мал базарларга чукул арада асфальт төшөөнү тапшырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-мартта президенттик аппараттын жыйынында Кыргызстандагы мал базарлардын абалын кескин сынга алды. Өкмөттүн басма сөз кызматы мындан улам жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө мындай соода жайлардын шартын жакшыртып, чукул арада асфальт төшөө тапшырмасы берилгенин билдирди.

“Кечээ Каракол шаарындагы мал базарга келгендер жиберген видеону көрдүм. Эл ылайды кечип жүрөт, жарандар үчүн жөнөкөй шарттар каралган эмес, бул 2022-жылы КМШнын маданий борбору катары тандалган шаарда болуп жатат. Баарын тазалап, асфальт төшөп жана иштин жыйынтыгын билдирүүгө бир ай убакыт берем. Бул бир эле Караколго эмес, республиканын бардык мал базарларына тиешелүү. Жеке өзүм барып баарын текшерем”,-деди Жапаров.

Өкмөт башчы жыйында ошондой эле мамлекеттик орган-мекемелерден социалдык тармактарга жарыяланган кайрылуулардын баарына көңүл буруп, ыкчам жооп кайтарууну, чара көрүүнү тапшырды.

Коронавирус пандемиясынан улам чектөөлөр күчөп турганда бир катар аймактардагы мал базарлар онлайн соодага өткөн .

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG