Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:25

Оппозиция бийликке атаандаш болгусу келет


“Кыргызстан Бириккен Демократиялык Кыймылдын” мүчөлөрү. Бишкек. 31-март, 2022-жыл.
“Кыргызстан Бириккен Демократиялык Кыймылдын” мүчөлөрү. Бишкек. 31-март, 2022-жыл.

“Кыргызстан Бириккен Демократиялык Кыймылы” деген оппозициялык жаңы уюм түзүлдү. Кыймыл демократиялык институттарды жана баалуулуктарды калыбына келтирүү, сот реформасын ишке ашыруу, кризиске жана жакырчылыкка каршы күрөш боюнча бийликке альтернативдүү сунуштарды берет.

Бийликке оппозициялык көз караштагы саясатчылар, укук коргоочулар менен жарандык коомдун айрым өкүлдөрү биригип, “Кыргызстан Бириккен Демократиялык Кыймылын” түздү. Алар 31-мартта оппозиция үчүн өзгөчө мааниси бар Бишкектеги Горький паркында биринчи жолугушуусун өткөрүп, программасын жарыялады.

Кыймыл авторитардык бийлик орнотууга каршы туруп, демократиялык институттарды калыбына келтирүүгө аракет кылат. Каатчылыкка жана жакырчылыкка каршы программа иштеп чыгып бийликке сунуштайт. Саясатчыларды, укук коргоочуларды куугунтуктоого каршы туруу, сөз эркиндигин коргоо боюнча максаттары бар экенин жарыялады.

“Кыргызстан Бириккен Демократиялык Кыймылынын” координатору болуп коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов шайланды.

“Бир адамга баш ийүү орногондон бери өлкөдө авторитаризм гүлдөп, элде жакырчылык, ишсиздик, коомдо акыйкатсыздык, теңсиздик, бийликте көмүскөлүк, сөзгө, убадага туруксуздук жана коррупция күчөдү. Мындай жашоону биздин эл жерий баштады. Бийлик Садыр Жапаровдун колуна топтолгондуктан, өзүм билемдик өнүгүп, бийлик сынды көтөрө албай калды”.

Оппозициялык кыймылда саясатчылар Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Кеңешбек Дүйшөбаев, укук коргоочу Рита Карасартова жана башка активисттер бар.

Алар саясатчылар Жеңиш Молдокматов, Бактыбек Калмаматов, жарандык активисттер Тилекмат Кудайберген уулу, Мирлан Ураимовго кылмыш иштеринин козголушун саясий куугунтук деп баалап жатышат.

Көз карандысыз Next TV телеканалынын жабылышы, Kaktus.media порталына козголгон кылмыш иштерин сөз эркиндигине болгон басым деп эсептешет.

Мындай сын дооматтар байма-бай айтылып келатканы менен бийликке өзүн оппозиция катары ачык жарыялаган саясий күч жок болчу.

Жаңы түзүлгөн кыймылдын мүчөсү Перизат Суранова мындай деди:

“Кыргызстандагы ар бир тармак боюнча биз өзүбүздүн сунуш-пикирлерди бийликке айтып турабыз. Анын үстүнө азыр Кыргызстанда чыныгы оппозициялык күч жок. Биз бул милдетти татыктуу аткарабыз деп ишенем. Кыймыл бардык тараптарга ачык. Иштешүүгө даяр”.

Кыргызстандын тарыхында буга чейин ар кандай оппозициялык кыймылдар болгон. 2005-жылы март ыңкылабына чейин ошол кездеги президент Аскар Акаевдин башкаруу режимине каршы күрөшүү үчүн “Кыргызстан элдик кыймылы” түзүлгөн. 2008-жылы Курманбек Бакиевдин бийлигине оппозиция болгон Бириккен элдик кыймыл (БЭК) деп аталган блок иштеген.

Саясатчы Равшан Жээнбеков бийлик оппозицияны куугунтуктабай, тескерисинче кызматташуусу керек экенин айтты.

“Бул бийликтин келгенине бир жарым жылдай болуп калды. Бул убакыт аралыгында, тилекке каршы, Кыргызстанда бир да уюшулган оппозициялык кыймыл болгон жок. Бийликке болушунча мүмкүнчүлүк берилди. Эч ким сындап, жаман айткан жок. Баарыбыз тең колдоп бердик. Эми бийликке альтернативдүү сунуш бере турган уюм түздүк деп ойлойм. Ооба, азырынча уюм анчалык күчтүү эмес. Бирок өлкөдө оппозициялык күч болушу керек. Кыргызстанда күчтүү жарандык коом, сөз эркиндиги, оппозиция болсо, ал бийликтин натыйжалуу иштешине, экономикага жардам эле берет. Бийлик болгон жерде сөзсүз оппозиция болушу керек. Биз ошол ишти баштадык”.

2010-2021-жылдары Жогорку Кеңешке өткөн шайлоого катышкан партиялардын бир бөлүгү добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай, өзүнчө “Элдик парламент” түзүү аракетин көргөн. 2016-жылы бийликке оппозиция экенин жарыялаган “Элдик парламенттин” бир катар мүчөлөрү бийликти күч менен басып алууга шек саналып, абакка кесилип чыкты.

Бийлик өлкөдө саясатчыларга каршы куугунтук жок экенин, сөз эркиндигин чектөө сыяктуу сындарды четке кагып келет.

Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев “Кыргызстан Бириккен Демократиялык Кыймылдын” түзүлүшү тууралуу пикири менен бөлүштү.

“Оппозициялык көз караштардын болгону жакшы. Алар позициясын ачык билдирип, бийликтин катасын көрсөтүп, өзүнүн программасын берип турушу керек. Бирок “Азаттыктан” чыгып алып эле, сындай берсе туура эмес. Жаңы түзүлгөн кыймылдын мүчөлөрүнүн көбү буга чейин бийликте болгон экен. Алар бийликте турганда деле азыр өздөрү айтып жаткан маселелер бар болчу. Бийликте турганда программасын деле бере алышкан эмес. Оппозициялык саясатчылар бириксин. Бирок программасын берсин. Анан аны ишке ашыруунун реалдуу жолун да айтышса жакшы болот. Жөн эле “Кыргызстан демократиядан тайды, сөз эркиндиги кысымга кабылды” деп эле айта бергендин кереги жок”.

2021-жылы Кыргызстан 10 жылга созулган парламенттик-президенттик башкаруу формасынан соң кайрадан президенттик башкарууга кайткан. “Кыргызстан Бириккен Демократиялык Кыймылынын” мүчөсү, саясатчы Бектур Асанов көчө оппозициясынын пайда болуу себептерине токтолду.

“Жогорку Кеңеште системалуу күчтүү оппозиция болгондо, сыртта мындай оппозициялык кыймыл түзүлбөйт эле. Тилекке каршы, парламентке “биз оппозиция болобуз” деп келген партиялардан дайын жок. Алар бийликке “дүжүр” оппозиция болуп атат. Оппозициялык партиябыз дегендер Жогорку Кеңеште бир да чоң маселелерди көтөрүшкөн жок. Маанилүү иштер боюнча өкмөттөн маалымат талап кылып, отчёт алган жок. Парламент алсыз болгондон кийин бул талапты эл, коомчулук көтөрүп чыгат”.

“Кыргызстан Бириккен Демократиялык Кыймылы” биринчи иши катары Министрлер кабинетинен Кумтөр алтын кенинин ишмердиги боюнча отчётту талап кыларын билдирди.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. Андан бери “Центерра Голд” менен сүйлөшүүлөр жүрүп, кыргыз тарап жылыш бар экенин билдирип келген.

Быйыл 9-мартта Жогорку Кеңеш Министрлер кабинети сунуштаган “Центерра Голд” менен келишимдин шарттары боюнча долбоорун жабык карап, колдогон. Бирок анда кандай маселе камтылганы азырынча белгисиз. Кендин ишмердиги тууралуу да кенен ачык маалымат бериле элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG