Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

КЫРГЫЗСТАН ЭЛДИК КЫЙМЫЛЫ КУРУЛТАЙ ӨТКӨРДҮ


21-майда Кыргызстан элдик кыймылынын курултайы болуп, анда кыймыл атынан президенттикке Курманбек Бакиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү. Курманбек Бакиев өз сөзүндө турмушу жакшыра баштаганын калк 2-3-жылдын ичинде сезе баштаарын билдирди.

Кыргыз улуттук драма театрында өткөн курултайдын сегиз жүздөн ашуун делегаттарына алгач Кыргызстан элдик кыймылынын түптөлүүсү, 24-марттагы ыңкылаптын башталышы жөнүндө кино тасма көрсөтүлдү. Андан кийин Кыргызстандын гимни ойнолуп, курултай ачылды. Курултайды алып барган Кыргызстан элдик кыймылынын төрагасынын орун басары Азимбек Бекназаров күн тартибинде беш маселе бар экенин жарыялады. Алар өлкөдөгү саясий кырдаалга баа берүү, талапкердин программасын угуу, Кыргызстан элдик кыймылы шайлоо блогун түзүү, жаңы партияларды кыймыл курамына кабыл алуу жана шайлоо блогунун штабын түзүү болду. Биринчи маселе боюнча Азимбек Бекназаров сөз сүйлөп, негизги максат таза, адилет шайлоону өткөрүп алуу деп, Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун биригүүсү тууралуу мындай пикирин ачыктады:

- Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун тандеминин өзөгүн Кыргызстандын келечегине кайдыгер эместик түзөт. Эки лидер саясатчы бири-бирине кол сунуп, көп саясий саясий маселелерди жеңилдетти.

Ал ошондой эле президенттик шайлоого талапкер катары катышпасын, Курманбек Бакиевдин талапкерлигин колдоорун да жарыялады. Топчубек Тургуналиев өз сөзүндө Акаевди кулатуу кыйын болгонун, бирок жаңыны куруу андан көп эсе татаал болоорун белгилеп, ыңкылаптын алгачкы жемиштери катары реалдуу сөз, жыйналыш эркиндиктерин атады.

Жарыш сөзгө чыккан Жалалабад облусунан келген Макенбай аксакал элдик ыңкылаптын чыгуу себебине токтолду:

- Биз Жалалабадда мурда эле митингдерге чыгып, Аксы окуясы, Үзөңгүкуушту сактап калуу боюнча чечкиндүү кадамдарга барып жаттык. Айрыкча партиялар биригип, Кыргызстан элдик кыймылы түзүлүп, анын башына Курмабек Бакиев келгенден кийин биз да чыгалы деп эл ойгонду. Акаевдин бийлиги элдин кабыргасына таш батырып, кыйнады, мөгдөттү, ыйлатты. Ошого чыдабай эл өзүнөн -өзү толкуп, ушул балдардын артынан чыгууга аргасыз болду.

Чүй облусунан келген делегат Турдумамбет Турдукулов Акаевдин ишмердүүлүгүнө минтип токтолду:

- Акаевдин жан-жөкөрлөрү аны экинчи профессорлукка жеткирип, коррупциянын туу чокусуна чыгарып койду. Дүйнө жүзү билип калды. Жүрөк ооруйт. Ушундай нерсе кайталанбаса экен деймин. Ушуга жол бербөөнү келечекте болуучу президенттен сурайбыз.

Жаштардын “Бирге” уюмунун лидери Тимур Шайхудтинов Кыргызстан элдик кыймылын “Алга, Кыргызстан” партиясына окшоп калбоого, мурунку бийликтин катачылыктарын кайталабоого кыймыл лидерлерин үндөдү.

Жарыш сөздөн кийин Кыргызстан элдик кыймылынын лидери Курманбек Бакиев сөз сүйлөдү. Ал өлкөдө коомдук-саясий абал турукташып, бийлик системасы калыбына келгенин, бирок туруктуулукту бузуп, жаңы бийликти жаманатты кылууну каалаган күчтөр бар экенин белгиледи. Бакиевдин айтымында, жаңы өкмөт коррупцияга каршы күрөштү токтотпойт, анткени ансыз экономиканы көтөрүү мүмкүн эмес. Россия менен кош атуулдук маселесине токтолгон Бакиев, ал биринчи кезекте бул өлкөдө жүргөн кыргыз атуулдарына керектигин белгилеп, жаңы өкмөт жакынкы 2-3-жылдын ичинде калктын турмушунда оңолууну алып келерин билдирди.

Курултай Курманбек Бакиевди бир добуштан президенттик кызматка талапкер кылып көрсөтүп, Кыргызстан элдик кыймылынын шайлоо блогунун борбордук штабын түздү.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG