Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:11

Парламент ролу. Өкмөткө умтулган депутаттар


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган Бакыт Төрөбаев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Алтынбек Сулайманов жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган Бакыт Төрөбаев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Алтынбек Сулайманов жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ушуну менен бир айдын ичинде парламенттеги эки фракциянын лидери аткаруу бийлигине кызматка кетти.

Төрөбаев өкмөткө барды

Президент Садыр Жапаров 28-мартта Бакыт Төрөбаевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу кылып дайындады. Анын талапкерлиги эми Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Былтыр парламенттик шайлоодо бийликчил деп сыпатталып Жогорку Кеңешке эң көп мандат алып келген “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев аткаруу бийлигине баруу чечими тууралуу комментарий бере элек. Анын фракциялашы, депутат Жеңишбек Токторбаев “Азаттыкка” буларды айтты.

Жеңишбек Токторбаев.
Жеңишбек Токторбаев.

“Бакыт Төрөбаев “Министрлер кабинетинде иштейин” деп сурап, фракция ага макулдук берди. Ал кишинин тажрыйбасы бар. Төрт жолу депутат, Өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеди. Фракциянын лидери болду. Жетиштүү тажрыйба топтоду. “Депутат болуп көп убакыт иштедим. Эми аткаруу бийлигинде да өзүмдү сынап көрөйүн” деген мааниде бизге кайрылды”.

49 жаштагы Бакыт Төрөбаев кесиби боюнча экономист. 2000-жылы “Мариям” ун комбинатын башкарган. Ал жалпысынан Жогорку Кеңештин төрт чакырылышынын депутаты болду. 2007-жылы “Ак жол”, 2010-жылы “Республика” партияларынын тизмеси менен парламентке депутат болуп шайланган. 2013-жылы “Өнүгүү-Прогресс” партиясын түптөп, 2015-жылы өзү жетектеген партия менен VI чакырылыштагы Жогорку Кеңешке келген. Былтыр 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы менен катышып мандат алган. 2009-жылы Өзгөчө кырдаалдар министри болгон.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-мартта Бакыт Төрөбаевди президенттин администрациясынын жамаатына тааныштырып, жаңы орун басарынын алдына азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана өнөр жайды өнүктүрүү милдеттерин койду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары Азиз Аалиев болсо үч жылдык мөөнөткө Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды.

Депутаттар аткаруу бийлигине эмнеге ”качат”?

Ушуну менен бир айдын ичинде парламенттеги эки фракциянын лидери аткаруу бийлигине кызматка кетти. Жогорку Кеңеште мандаттарынын саны боюнча төртүнчү орунда турган “Альянс” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов 24-февралда эле президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Тажрыйбалуу депутаттардын биринен сала бири өкмөткө барып жатышы парламенттин ролуна байланышкан маселени козгоду.

Шаирбек Маматокторов.
Шаирбек Маматокторов.

“Конституциялык реформадан кийин парламенттин укугу чындап азайды. Ыйгарым укуктун көбү азыр аткаруу бийлигинде. Реалдуу иштердин баарын өкмөт жасап, маселени чечип калды. Президенттик башкаруунун табияты ушундай болот. Ал эми саясатчылар эреже менен ойнойт да. Мисалы, акыркы 10 жылда саясатчылардын баары тең эмне үчүн парламентке умтулчу? Себеби, ал кезде Жогорку Кеңеште ыйгарым укук көп эле. Азыр анын баары президентке ооду”, - деди саясат талдоочу Шаирбек Маматокторов.

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргызстанда референдум өтүп, жаңы Конституция кабыл алынып 5-майда күчүнө кирген. Жүргүзүлгөн конституциялык реформанын натыйжасында аткаруу бийлигинин курамын, түзүмүн президент аныктайт. Өлкө башчы Садыр Жапаров муну менен “Кыргызстанда өкмөт туруктуу болот” деп, бардык жоопкерчиликти өз моюнуна алганын жарыялаган.

Жогорку Кеңеште мурдагыдай эле мыйзам чыгаруу аны көзөмөлдөө укугу бар. Бирок 2010-жылдан кийин кабыл алынган Баш мыйзамда берилген өкмөттү куроо укугу жок.

Кыргызстан толук президенттик башкарууга өткөндөн кийин былтыр октябрь айында иштеп баштаган Министрлер кабинетинин азыркы курамында жогорку жетекчилердин арасында биринчи жолу орун алмашып, Бакыт Төрөбаев Азиз Аалиевдин ордуна барды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Улукбек Кочкоров парламенттин азыр деле жетиштүү ыйгарым укугу бар экенин, бирок депутаттар аны колдоно албай жатканын айтууда.

Улукбек Кочкоров.
Улукбек Кочкоров.

“Парламенттин мамлекеттик институт катары өзүнүн ролу жана мүмкүнчүлүктөрү бар. Тилекке каршы, Жогорку Кеңеште күчтүү, көз карандысыз саясий күч жок болгондуктан парламент эч нерсени чече албай турат. Ушундан улам депутаттар мүмкүнчүлүк болсо эле аткаруу бийлигине кеткенге аракет кылып жатышат. Өкмөткө кызматка барган мурдагы эки депутат (ред: Алтынбек Сулайманов, Бакыт Төрөбаев) төбөсү көрүнгөн, амбициясы бар күчтүү саясатчылар. Аларда келечекте өкмөттү жетектесем, мамлекетти башкарсам деген ниеттери бар болуш керек. Бул кишилерде аткаруу бийлигинде тажрыйба жок болгондуктан тажрыйба топтош үчүн да кызматка барышы мүмкүн”.

Кыргызстанда өкмөт туруксуз болуп премьер-министрлер жыл айланбай алмашкан учурлар өтө эле көп. Муну өлкөнүн эгемен тарыхында 30дан ашык аткаруу бийлиги келип-кеткени эле көрсөтүп турат. Саясат талдоочу Нурсултан Акылбек акыркы саясий жүрүштөр тууралуу пикири менен бөлүштү.

“Мурда фракциянын лидерлери премьер-министрлик гана кызматка макул болуп, министрлик же вице-премьерлик кызматка барчу эмес. Депутаттардын аткаруу бийлигине кетип жатканы парламентте эч кандай бийлик калбаганынан кабар берет. Ансыз деле парламент бир жылдан бери бир министрди кызматтан кетире албай отурушпайбы. Экинчиден, азыр Камчыбек Ташиевдин бийлиги күчтөнүп атат. Анын фракциясынан депутат болгон киши өкмөткө барды. Менин угушумча көп эле депутат аткаруу бийлигине кетүүнү каалайт. Бул процесс токтобойт”.

Төрөбаевдин мандаты кимге тиет?

Бакыт Төрөбаев мандатын тапшырса, анын ордуна “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан Абдыбахаб Боронбаев депутат болуп келиши мүмкүн. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтында ал былтыр шайлоодо беш миңге жакын добуш алып, мандат тийчү кийинки талапкер катары турат.

“Азаттык” радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери кыргыз бажысындагы миллиондогон каражатты кымырган схемаларды аныктап чыгышкан. Иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов камалып, мамлекеттке 2 млрд. сом төгүп кайра бошотулган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бажыдагы коррупция боюнча Райымбек Матраимов менен чогуу коррупциялык схема уюштурган деп 38 бажы кызматкерине кылмыш иши козголгонун билдирген. Алардын көбү жумуштан алынып, айрымдарынын бул ишке тиешеси жок экени аныкталганы кабарланган.

Бажыдагы коррупция боюнча кылмыш ишинде тергөө менен кызматташууга барган Райымбек Матраимов, Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев, Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы башчысы Абдыбахаб Боронбаевдер күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган.

Нурлан Ражабалиев 12 млн. сом, Абдыбахаб Боронбаев 8 млн. сом бюджетке төккөн. Нурлан Ражабалиев былтыр 28-ноябрда өткөн шайлоодо №2 Баткен шайлоо округунан депутаттыкка шайланды. Анын соттуулугу жоюлган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG