Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Британия орусиялык телеканалдарга, медиаменеджерлерге санкция салды


Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Москва мурда болуп көрбөгөн эл аралык санкцияларга кабылды.
Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Москва мурда болуп көрбөгөн эл аралык санкцияларга кабылды.

Британия Орусиянын RT мамлекеттик телеканалына, “Орусия бүгүн” медиахолдингине жана бир катар медиаменеджерлерге санкция салды. Британ өкмөтүнүн жаңы “кара тизмесинде” ошондой эле орус армиясынын генерал-полковниги Михаил Мизинцев да бар.

Буга удаа АКШ Орусиянын бир катар технология компанияларына жана Москванын Украинага басып киришине байланышы бар деген адамдарга санкция салган. Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги 31-мартта орусиялык 13 жаран жана 21 мекеме санкциялык тизмеге киргизилгенин кабарлаган. Алардын арасында Орусиядагы чип чыгаруу багытындагы эң чоң компания деп саналган "Микрон" ишканасы да бар.

Мындан тышкары АКШ санкциялардын күчүн Орусиянын аэрокосмос, электроника тармактарына жана деңиз флотуна чейин кеңейтти. Бул чечим Вашингтонго аталган тармактарда иш алып барган компанияларга же жеке тараптарга санкция салууга мүмкүнчүлүк берет.

Каржы министрлиги соңку чаралар Орусиянын "зыяндуу кибер оюнчуларына" каршы багытталганын билдирди.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Москва мурда болуп көрбөгөн эл аралык санкцияларга кабылды.

Орусияда медиа жана байланыш тармагын тескеген Роскомнадзор мекемеси Орусияда же орус тилинде иш алып барган бир катар эркин маалымат каражаттарынын сайттарын жапкан. Алардын арасында "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун бир нече редакцияларынын, Би-Би-Си корпорациясынын орус кызматынын веб-сайттары да бар.

XS
SM
MD
LG