Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Айсулуу Кудайбердиева Next TV телеканалына байланыштуу суракка чакырылды


Айсулуу Кудайбердиева.
Айсулуу Кудайбердиева.

Жарандык активист, саясатчы Равшан Жээнбековдун жардамчысы Айсулуу Кудайбердиева Next TV телеканалына байланыштуу 1-апрелде саат 16.00го суракка чакырылды. Бул тууралуу ал “Фейсбуктагы” баракчасына жазды жана каналдын кызматкерлери күн сайын суракка чакырылып жатканын билдирди.

Равшан Жээнбековдун уулу Азат дагы ушул күнү, саат 15.00го Улуттук коопсуздук кызматына аталган телеканалдын иши тууралуу суракка чакырылганын жарыялады.

УКМК буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-мартта Башкы прокуратуранын Next TV телеканалы тууралуу өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырган. Ага ылайык, сот каналдын социалдык түйүндөрдөгү баракчасына жарыяланган маалыматты экстремисттик деп тапкан, ал эми телеканалдын ишин токтотуу, анын продукциясын башка булактарга жарыялоого тыюу салуу өтүнүчүн четке каккан.

Прокуратуранын сотко кайрылышан Next TV телеканалынын соцтармактагы баракчаларына жарыяланган Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Алнур Мусаев билдирүүсү тууралуу кабар негиз болгон деп көрсөтүлгөн.

Аталган медиага карата Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” деген 330-беренесинин негизинде иш козгогон. Телеканалдын кеңсесине кирип-чыгууга тыюу салган.

5-мартта телеканалдын директору Таалай Дүйшөмбиев эки айга камакка алынган. Кийин райондук соттун бул чечимин шаардык сот да колдогон.

Медиа коомчулук телеканалдын жабылышын сөз эркиндигине кысым деп баалаган. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жалган маалыматты таратууда этият болуу жана эрежелерди сактоо керектигин белгилеген.

Бишкектеги Биринчи май райондук соту февраль айынан тартып Айсулуу Кудайбердиеванын дагы бир ишин карай баштаган. Активистке Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "2019-жылы кыргыз-тажик чек арасынан мыйзамсыз өткөн" деп айыптап жатканы белгилүү болгон. Кудайбердиева бул иштердин баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG