Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Жогорку сот мурдагы милиционердин өтүнүчүн колдоодон баш тартты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку соттун жазык иштери боюнча соттук коллегиясы ээнбаштык үчүн айыпталган мурдагы милиция кызматкеринин өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу 1-апрелде “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын “Кыйноолорго каршы коалиция” уюму билдирди.

Уюмдун маалыматына караганда, Нурболот Курбанов Жогорку сотко ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароо тууралуу өтүнүч менен кайрылган. 29-мартта Жогорку сот бул өтүнүчтү четке какты.

Окуя 2019-жылдын 2-августунда Кербен шаарында болгон. “Кыйноолорго каршы коалиция” уюмунун маалыматына караганда, машинага май куюучу станциянын 28 жаштагы администраторун төрт киши ур-токмокко алган. Анын баары видеого жазылып калган. Кол салгандар арасында Аксы милициясынын ошол кездеги ыкчам кызматкери Нурболот Курбанов да болгон.

Аксы райондук соту төртөөнү тең Жазык кодексинин “Бейбаштык” беренесинин негизинде айыптуу деп таап, баарын беш жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Бирок Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын жана Апрель революциясынын 10 жылдыгынын урматына аларга мунапыс жарыяланган.

Жалал-Абад облустук соту райсот чегерген жаза мөөнөтүн калтырган, бирок мунапыс жарыялоодон баш тарткан.

Жогорку сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Айыпталуучу тарап бул иш тууралуу комментарий берген эмес. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG