Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Лейлекте жемкорлукту айтып чыккан айыл башчыларды колдогон акция өтүүдө


Лейлек. 2022-жылдын 1-апрели. Сүрөт Интернеттен алынды.
Лейлек. 2022-жылдын 1-апрели. Сүрөт Интернеттен алынды.

Баткенде Лейлек райондук сотунун алдында бүгүн 1-апрелде Жаңы-Жер айылында мамлекеттик мүлктүн мыйзамсыз менчиктештирилгени боюнча иштин алкагында кармалган Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиевдин тарапкерлеринин акциясы өтүп жатат.

Алар колуна “Урматтуу сот, адилет чечиңиз!”, “Садыр Жапаров, Баткен элине колдоо көрсөтүңүз!”, “Бекжан менен Саатбекке боштондук” деген жазууларды кармап турушат.

Жалилов менен Эгембердиевдин бөгөт чарасына байланыштуу маселе Лейлек сотунда бүгүн саат 15те каралат.

Алардын адвокаты Асылбек Кунгуров “Азаттыкка” билдиргендей, 2021-жылдын 26-августунда Баткен облустук прокуратурасы Жазык кодексинин “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” деген беренесинин негизинде факт боюнча иш козгоп, тергөөнү улантуу үчүн аны Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүнө өткөрүп берген. Быйыл март айында журналист Ыдырыс Исаковдун бул айылдагы жер маселеси тууралуу иликтөөсүнөн кийин тергөө жанданган. Азыр ишти облустук прокуратура карап жатат.

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, азыр айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиев, мурдагы башчысы, азыр Бешкент айыл өкмөтүнүн жетекчиси Бекжан Жалилов жана Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн азыркы жооптуу катчысы Акжол Абдуллаев кармалганы 25-мартта белгилүү болгон.

Кийин Абдуллаев үй камагына чыгарылып, Эгембердиев менен Жалилов 3-апрелге чейин камакта калган.

Прокуратура соттон камак мөөнөтүн узартууну, ал эми адвокат аларды үй камагына чыгарууну өтүнүп жатышат.

24-мартта журналист Ыдырыс Исаков "Фейсбуктагы" баракчасына "Баткенде бүгүн коррупциянын жеңиши орун алды. Облустагы 34 айыл өкмөттүн ичинен эч кандай кен каздырбай туруп, айылды дотациядан сууруп чыккан Саатбек Эгембердиев камакка алынды. Аны менен кошо айылдагы мыйзамсыз менчиктештирилген жерлерди элге кайтарып жаткан жаңы айыл өкмөт башчы Бекжан Жалилов камалды" деп жазды.

Башкы прокуратура Жаңы-Жер боюнча иш кайсы берененин негизинде козголгону, иликтөө кандай жүрүп жатканы тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

23-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы “Азаттыкка” Ыдырыс Исаковдун “Ютуб” каналына чыккан видеодогу менчиктештирилген мүлк боюнча текшерүү жүрүп жатканын, иш Башкы прокурор Курманбек Зулушевдин көзөмөлүндө экенин гана билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG