Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:28

Орус губернатору Украина Белгороддогу кампага сокку урганын билдирди


Белгороддогу кара май кампасы.
Белгороддогу кара май кампасы.

Орусиянын Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков Белгород шаарындагы күйүүчү май кампасына Украинанын эки тик учагы сокку урганын билдирди. Украинанын Коргоо министрлиги бул окуя тууралуу комментарий бере элек.

Эгер ырасталып калса, анда бул украин күчтөрү Орусиянын аймагына сокку урган биринчи учур болуп калат. Орусиянын Белгород шаары украин чек арасынан 25 чакырым гана алыстыкта жайгашкан.

Вячеслав Гудков тик учактар төмөнкү бийиктикте учуп келип, кампага сокку урганын, андан эки жумушчу жараат алганын Телеграмга жазды.

Бирок күйүүчү май кампасына ээлик кылган Орусиянын "Роснефть" компаниясы өрттөн эч ким жабыркабаганын билдирди. Кампадагы өрткө эмне себеп болгонун так айткан жок.

Буга чейин интернетке Белгороддогу кампага сокку урулганы тартылган деген такталбаган видеолор тараган болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG