Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:06

Соттолгон бажычы Боронбаев Жогорку Кеңешке депутат болду


Бажы кызматы.
Бажы кызматы.

Борбордук шайлоо комиссиясы мурдагы бажычы Абдывахаб Боронбаевге Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын тапшырды. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.

Боронбаев "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын мурдагы төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп кеткен Бакыт Төрөбаевдин ордуна келди.

БШКнын жыйынында Боронбаевдин соттуулугу жок экени белгилүү болду.

УКМК мындан эки жыл мурда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кармап, ал өзүнүн тарапташтары менен коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Матраимов баштаган топ 2015-2017-жылдар аралыгында чек арадан өткөн бир машинеден 200 – 1800 долларга чейин алып турганы далилденген.

Жыйынтыгында Матраимов мамлекетке 2 млрд. сом, Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев 12 млн. сом, Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы башчысы Абдыбахаб Боронбаев 8 млн. сом төлөп, абактан бошотулган. Башкы прокуратура алардын ишин сотко жөнөтүп, алар Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен “Коррупция” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган.

Иши кыскартылган Ражабалиев Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген.

XS
SM
MD
LG