Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:04

Зеленский эки генералды наамынан ажыратты


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 31-марттын кечиндеги видео кайрылуусунда украин күч түзүмдөрүндөгү эки генералды жазалаганын жарыялады. Ал Украинанын коопсуздук кызматынын Ички коопсуздук боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы Андрей Наумов жана аталган кызматтын Херсон облусундагы башкармалыгынын башчысы Сергей Криворучка генерал наамынан ажыратылганын билдирди.

"Бүгүн тескери каармандарга карата дагы бир чечим кабыл алынды. Менин чыккынчылар менен алек болгонго убактым жок. Бирок бара-бара алар жазаланат", - деди Зеленский.

Ал күч түзүмдөрүнүн жогорудагы өкүлдөрү эмне себептен генерал наамынан ажыратылганын тактаган жок. Бирок "өз мекени кайда жайгашканын аныктабаган, аскердик антын бузган офицерлер" наамынан ажыратыла турганын эскертти.

Буга чейин "Азаттыктын" украин кызматынын "Схемы" программасы Андрей Наумов 24-февралда орус күчтөрү Украинага кол саларына саналуу сааттар калганда өлкөдөн чыгып кеткенин кабарлаган.

Президент Зеленский бир күн мурдагы кайрылуусунда Украинанын куралдуу күчтөрүнүн 136 кызматкерине наам жана сыйлык ыйгарылганын жарыялады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG