Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Евробиримдик менен Кытай виртуалдык саммит өткөрөт


Европа Биримдиги менен Кытайдын желектери.
Европа Биримдиги менен Кытайдын желектери.

Европа Биримдиги менен Кытайдын жетекчилери 1-апрелде виртуалдык саммит өткөрөт. Расмий маалыматка ылайык, Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель, Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен жана Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел алгач Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян баштаган жетекчилер менен, андан соң Кытайдын президенти Си Цзиньпин менен сүйлөшөт.

Бул саммитте Евробиримдиктин жетекчилери Кытай Украинадагы согушту аягына чыгаруу багытында канчалык кызматташа аларын билгиси келишет.

"Биз согуш маалында Кытайдын Орусияга экономикалык жардам жана башка колдоо көрсөтүүгө ниети жок экенин күбөлөгөн кепилдикти алууну көздөйбүз", - деп билдирди журналисттерге Еврошаркеттин атын атагысы келбеген өкүлү.

Расмий Бээжин Орусиянын Украинага кол салганын айыптоодон баш тартып, Батыштын Москвага киргизген санкцияларын сынга алган болчу.

Мындан тышкары саммитте Кытайдын Европарламенттин мүчөлөрүнө карата чектөөлөрү, эки тараптын ортосундагы токтоп калган инвестициялык долбоорлор жана Кытайдагы адам укуктарынын абалы сыяктуу маселелер талкууланат деп күтүлүүдө.

Батыш өлкөлөрү Кытайдын Шинжаң районундагы уйгурлар баштаган мусулман жамааттарынын укугу бузулуп жатканы үчүн Бээжинди айыптап келишет. Кытай эл аралык коомчулуктун сынын четке кагып, Шинжаңдын тургундары камалган саясий тарбия берүүчү лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор деп мүнөздөп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG