Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

Орусия ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан азыктарын сатуу боюнча тыюусун алып салды


Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөргө дан азыктарын экспорттоого киргизилген чектөөсүн алганын Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги 1-апрелде кабарлады.

Маалыматта Орусиянын Айыл чарба министрлиги берген уруксаттын негизинде ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан азыктарын экспорттосо боло турганы айтылат.

15-мартта Орусия өкмөтү ички рынокту коргоо максатында өлкөдөн дан азыктарын чыгарууга 31-августка чейин тыюу салган.

Кыргызстан дан азыктарын Орусиядан жана Казакстандан сатып алат.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG