Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Сот жемкорлукту айтып чыккан айыл башчыларын камакта калтырды


Бекжан Жалилов жана Саатбек Эгембердиев.
Бекжан Жалилов жана Саатбек Эгембердиев.

Лейлек райондук соту 1-апрелде Бешкент айыл өкмөтүнүнүн башчысы Бекжан Жалиловду жана Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиевди камакта калтырды. Бул тууралуу адвокат Асылбек Кунгуров билдирди.

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, азыр айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиев, ушул эле айылдын мурдагы башчысы, азыр Бешкент айыл өкмөтүнүн жетекчиси Бекжан Жалилов жана Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн азыркы жооптуу катчысы Акжол Абдуллаев кармалганы 25-мартта белгилүү болгон.

Кийин Абдуллаев үй камагына чыгарылып, Эгембердиев менен Жалилов 3-апрелге чейин камакта калган.

Адвокаттын айтымында, 2021-жылдын 26-августунда Баткен облустук прокуратурасы Жазык кодексинин “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” деген беренесинин негизинде факт боюнча иш козгоп, тергөөнү улантуу үчүн аны Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүнө өткөрүп берген. Быйыл март айында журналист Ыдырыс Исаковдун бул айылдагы жер маселеси тууралуу иликтөөсүнөн кийин тергөө жанданган. Азыр ишти облустук прокуратура карап жатат.

26-мартта баш прокурордун буйругу менен бул чырда аты аталган Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев, Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асадов, Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Калмурзаев кызматтан алынганы белгилүү болгон.

Кармалган жергиликтүү жетекчилердин тарапташтары бир канча күндөн бери аларды бошотуу талабы менен митинг өткөрүүдө.

Башкы прокуратура Жаңы-Жер боюнча иш кайсы берененин негизинде козголгону, иликтөө кандай жүрүп жатканы тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

23-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы “Азаттыкка” Ыдырыс Исаковдун “Ютуб” каналына чыккан видеодогу менчиктештирилген мүлк боюнча текшерүү жүрүп жатканын, иш Башкы прокурор Курманбек Зулушевдин көзөмөлүндө экенин гана билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG