Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Путиндин кыздары "кара тизмеге" киргизилди


Путиндин кыздары делген Екатерина Тихонова (солдо) жана Мария Воронцова.
Путиндин кыздары делген Екатерина Тихонова (солдо) жана Мария Воронцова.

АКШ Украинанын Буча шаарчасындагы кыргынды улай Орусиянын эң ири банкына жана президент Владимир Путиндин кыздарына санкция салды. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жубайы менен кызы да "кара тизмеге" киргизилди. Москва Бучага байланыштуу дооматтарды четке кагууда.

Соңку эки күн ичинде Украинанын Буча шаарчасында дагы бир нече адамдын сөөгү табылды. Associated Press жаңылыктар агенттигинин журналисттери шейшемби күнү бул шаарчада алты кишинин өрттөлгөн сөөгүн көрүштү. Өлгөн адамдар ким экени же кандай шартта каза тапканы белгисиз.

Бучанын тургуну Наталья Александрованын марттын башында орус аскерлери алып кеткен жээнинин сөөгү жер төлөдөн чыкты.

"Аны 8-мартта өлтүрүшкөн окшойт. Себеби андан бери жер төлөдө жата берген. Аны төрт күн мурда таап, жерге бердик. Анын кулагына ок тийген", - деди 63 жаштагы Александрова.

Орус аскерлери Киевдин жанындагы бул шаардан марттын аягында чыгып кеткен. Андан бери Бучанын көчөлөрүндө табылган жайкын тургундардын туш келди жаткан сөөктөрү эл аралык коомчулуктун кескин айыптоосуна туш болду.

Батыштын жаңы чаралары

Мындан улам Батыш өлкөлөрү Москвага жаңы санкцияларды жана чектөөлөрдү четинен жарыялап жатат.

6-апрелде АКШ президент Владимир Путиндин эки чоң кызына санкция салды. Мындан тышкары "кара тизмеге" киргизилгендердин арасында орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жубайы менен кызы, Орусиянын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, анын ичинде орус өкмөт башчысы Михаил Мишустин жана мурдагы президент, мурдагы премьер-министр Дмитрий Медведев да бар.

Ак үй маалымдагандай, Вашингтондун соңку чечими менен Орусиянын эң чоң банкы саналган "Сбербанкка" жана "Альфа банкка" да санкция салынды. Орусиянын банк тармагынын мүлкүнүн үчтөн бири "Сбербанкка" таандык.

Буга чейин АКШ менен кошо Европа Биримдиги да орус президентинин кыздары деген Екатерина Тихоновага жана Мария Воронцовага санкция салууну караштырып жатканын европалык жана америкалык төрт расмий өкүл "Эркин Европа / Азаттык" радиосуна ырасташкан. Расмий Брюссел жаңы санкцияларынын топтомун 7-апрелде жарыялаганы жатат.

Путиндин кыздары жана мурдагы жубайы Людмила узак жылдардан бери коомчулуктун назарына илинбейт. Медициналык билим бар экени айтылган 37 жаштагы Воронцова - саламаттыкты сактоо тармагына инвестиция салган компаниянын кожоюндарынын бири. Орус басылмалары ал Нидерланд жаранына турмушка чыкканын жазышкан. Бирок алар дагы деле чогуу түтүн булатып келатканы белгисиз.

Путиндин кызы Екатерина Польшадагы мелдеште, 2014-жылдын апрель айы.
Путиндин кызы Екатерина Польшадагы мелдеште, 2014-жылдын апрель айы.

35 жаштагы Тихонова 2010-жылы көпчүлүккө акробатикалык рок-н-ролл менен алектенген бийчи жана спортчу катары таанылган. Ал кийинчерээк Москва мамлекеттик университетинде илимий изилдөө борборун курууну көздөгөн, орус өкмөтү колдогон "Иннопрактика" фондун жетектеп калган. Тихонова Путиндин эски досу деп айтылып жүргөн банкир Николай Шамаловдун уулу Кирилл Шамаловго турмушка чыгып, 2018-жылы ажырашып кеткен. Путин үй бүлөсү тууралуу маалыматты ачык айтуудан карманып келет.

Путиндин жакындарын бутага алган санкциялардан тышкары Европа Биримдиги Орусиядан көмүр алууга тыюу салууну пландап жатат. Жаңы сунушталган санкцияларга ылайык, мындан ары орус кемелери Европадагы портторго кире албайт.

Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель "эртеби, кечпи Орусиянын мунайына, керек болсо жаратылыш газына чектөө киргизүү керек экенин" 6-апрелде билдирди.

Улуу Британия Орусиянын валюта резервинин 350 миллиард долларын камакка койгонун маалымдады. Бул орус өкмөтүнүн жалпы валюта резервинин 60 пайызын түзөт.

Украин президенти Зеленский шаршембиде Ирландиянын парламентине кайрылуусунда Орусияга санкцияларды күчөтүүгө чакырып, айрым Батыш өлкөлөрүндөгү "чечкинсиздикке чыдамы түгөнүп баратканын" айтты.

"Тилекке каршы орус мунайы Орусиянын аскердик машинасын чоң акчанын агымы менен камсыз кылбашы керек деп алигиче Европага түшүндүрүшүбүз керек болуп жатат", - деди Зеленский.

Украинада согуш башталгандан бери Европадагы Германия сыяктуу айрым өлкөлөр Орусиядан мунай жана газ импорттоого чектөө коюудан карманып келет.

Зеленский БУУга кайрылды

Жаңы санкцияларга жол ачкан Бучадагы трагедия 5-апрелде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин жыйынында да талкууланган. Анда украин президенти Владимир Зеленский видео байланыш аркылуу кайрылуу жасап, Орусияны эл аралык трибуналда жоопко тартууга үндөгөн

"Бүгүн Орусиянын Украинадагы аракеттеринен улам Дүйнөлүк экинчи согуштан берки эң үрөй учурган согуш кылмыштарына күбө болуп жатабыз. Бул кылмыштар уланууда. Орус күчтөрү атайылап артиллериясы жана аба соккулары менен украин шаарларын күлгө айлантып жатат. Атайылап шаарды курчоого алып, жапырт ачарчылыкка жол ачууда. Алар кармаш жүрүп жаткан аймактан качып бараткан жайкын тургундарды көчөдө атып салышууда. Алар атайын эле жайкын тургундар баш калкалаган жайларды жардырып атышат", - деп билдирген Зеленский.

Зеленский БУУнун Коопсуздук кеңешинде Бучада мерт болгон жайкын тургундардын видео, сүрөттөрүн көрсөттү.
Зеленский БУУнун Коопсуздук кеңешинде Бучада мерт болгон жайкын тургундардын видео, сүрөттөрүн көрсөттү.

Ал Буча шаарчасындагы окуялар Украинада 41 күндөн бери уланып жаткан согушта орус күчтөрү кылган кылмыштардын бир гана мисалы экенин белгилеп, Бириккен Улуттар Уюмун Орусиянын "агрессиясына" каршы чечкиндүү кадамдарга барууга чакырган.

Коопсуздук кеңешинин бул жыйынында АКШ жана Ирландия сыяктуу бир катар өлкөлөрдүн өкүлдөрү Москванын Украинадагы аракеттерин кескин айыпташты. Бирок Орусиянын БУУдагы өкүлү дооматтарды четке кагып, Москванын Бучадагы окуяларды "чагым" деп мүнөздөгөн позициясын дагы бир жолу кайталады. Бирок эч кандай далилдерди көрсөткөн жок.

"Мен Украинанын президентинин жыйынга виртуалдык байланыш аркылуу катышканынан пайдаланып, ага түз кайрылгым келет. Биз Орусиянын аскер кызматкерлерине каршы негизсиз, күбөлөр ырастабаган айыптоолорду сиздин абийириңизге коёбуз", - деди Орусиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензя.

Донбасста кармаш күчөйбү?

Ал арада Украинанын орус күчтөрүнүн курчоосунда калган Мариупол шаарында 6-апрелге караган түнү айыгышкан салгылашуулар болгонун британ чалгын кызматы маалымдады. Украинанын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, портто 160 миңдей киши электр жарыгы, дары-дармек, жылуулук, суусу жок күн кечирүүдө.

Мариуполь шаарында гуманитардык жардамга кезек күткөндөр, 5-апрель 2022-жыл.
Мариуполь шаарында гуманитардык жардамга кезек күткөндөр, 5-апрель 2022-жыл.

Украина бийлиги Мариупол жана башка аймактардан элди эвакуациялоону улантууда. Вице-премьер-министр Ирина Верещук маалымдагандай, 5-апрелде 4 миңге жакын киши гуманитардык коридорлор менен чыгарылды.

"Бирок жети автобустан турган кербен орус аскерлеринин тосмолорунан улам Мариуполдон чыга албай калды", - деп кошумчалады Киевдин өкүлү.

Батыш өлкөлөрүнүн аскердик чалгын кызматтары Орусиянын армиясы Украинанын чыгышы менен түштүгүндө күчүн топтоп жатканын белгилеп, жакынкы жумаларда Донбасста жаңы салгылашуулар болушу мүмкүн деп эскертүүдө.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусия Донбасска толук көзөмөлүн орнотуп, бул аймакты Крым жарым аралы менен кургактык аркылуу байланыштырууну көздөп жатканын билдирди.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. 40 күндөн ашкан согушта миңдеген жайкын тургундар жана аскерлер мерт болуп, 4 миллиондон ашуун украин жараны чет өлкөгө качууга аргасыз болду. Украинанын расмий маалыматына ылайык, өлкөдө согуш башталгандан бери 167 өспүрүм каза таап, 279у жараат алды.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG